Палестина жерлерин басып алган 130дан ашуун израилдик оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинин короосуна басып кирди.
Палестина администрациясына караштуу Кудс губернаторлугунун билдирүүсүндө Израиль полициясынын коргоосундагы фанаттык топ Муграби дарбазасы аркылуу Аль-Акса мечитинин короосуна басып киргени белгиленди.
Билдирүүгө ылайык, 133 кишиден турган топ Аль-Акса мечитинин короосунда диний ырым-жырымдарды аткарган.
Жөөттөрдүн Аль-Акса мечитине басып кирүүсү тарыхый статуквого каршы келет
1994-жылдын 26-октябрында Израиль менен Иорданиянын ортосунда кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, Аль-Акса мечити Иордания фонддор, Ислам иштери жана Ыйык жерлер министрлигине караштуу Иерусалим Ислам фонддор башкармалыгынын көзөмөлүндө.
2003-жылдан бери жөөттөр Израилдин бир тараптуу чечими менен башкармалыктын уруксатысыз, полициянын коштоосунда ыйык жайга кирип келишет. Бул аракеттерди «басып кирүү» деп мүнөздөгөн Кудс ислам фонддор башкармалыгы мусулмандардын эгемендигининбузулуп жатканын баса белгиледи.
Израилдиктер Кыбла мечити, Куббат ас-Сахра, музей, медреселер жана чоң короо жайгашкан Аль-Акса комплексинин астында «Сулейман ибадатканасынын калдыктары бар» деген жүйө менен казуу иштерин жүргүзүшүүдө.
Израиль бийлиги Аль-Акса мечитинде мусулмандар гана ибадат кылып, башка дин өкүлдөрү зыярат кылууга гана укуктуу деген тарыхый статукво сакталып жатканын жактап жатат.
Бирок Израиль полициясынын коргоосунда Аль-Акса мечитине басып кирген фанат жөөттөрдүн сыйынып, диний ырым-жырымдарды аткарганы камераларга көп жолу түшкөн.
Ал эми Израилдеги ультраортодокс жөөт диний аалымдарынын көпчүлүгү жөөттөрдүн Аль-Акса мечитине кирүүсүнө диний жактан тыюу салынганын баса белгилешүүдө.



















