ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Стармерге Газада туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен гана ишке ашарын айтты
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Газадагы тынчтык планы боюнча эл аралык саммитке катышуу үчүн Египетке барганда дүйнө лидерлери менен жолугушту.
Эрдоган Стармерге Газада туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим менен гана ишке ашарын айтты
Эрдоган Стармерге Газа тилкесинде туруктуу тынчтыкка эки мамлекеттүү чечим аркылуу гана жетүүгө болорун айтты.
14 Октябрь 2025

Газада туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим аркылуу чечиле аларын белгилеген Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Британиянын премьер - министри Кир Стармер менен өткөргөн сүйлөшүүдө эл аралык коомчулуктун бул багыттагы аракеттерин күчөтүүсү керектигин баса белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында Газа тынчтык планы боюнча эл аралык саммиттин алкагында өткөн жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды. Түркиянын коммуникация башкармалыгы жолугушуунун деталдарын түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу билдирди.

Президент Эрдоган Британиянын премьер-министрине Түркиянын Израилдин кол салууларын токтотуу жана Газада ок атышпоого жетишүү үчүн катуу аракет кылып жатканын айтты. Ал ок атышууну токтотууну туруктуу кылуу жана тынчтыкка карай жол ачуу боюнча аракеттер мындан ары да активдеше тургандыгын баса белгиледи.

Эрдоган өзгөчө Газага үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирүүнүн жана аймакты калыбына келтирүү иштерин тез арада баштоонун зарылдыгын белгиледи.

Түркия менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө коргонуу өнөр жайы тармагында, өнүктүрүү боюнча иштердин жүрүп жатканын да айтты.

Эрдогандын БАЭ вице-президенти менен жолугушуусу

Президент Эрдоган БАЭ вице-президенти жана вице-премьер-министр шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен да жолугушту. Түркиянын коммуникация башкармалыгынын расмий билдирүүсүнө караганда жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык абалдар талкууланды.

Президент Эрдоган Түркия менен БАЭнин ортосундагы саясий карым-катнаштардын күчөшүнүн соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкка олуттуу салым кошконун белгиледи. Ал эки тарап башка тармактарда, өзгөчө коргонуу өнөр жайында кызматташууну мындан ары да арттырууга аракет кылып жатканын билдирди.

Эрдоган Газадагы абалга токтолуп, Түркиянын уланып жаткан геноцидди токтотуу үчүн аракет кылганын жана туруктуу тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк терезесинин ачыла баштаганын белгиледи. Ал бул мүмкүнчүлүктү кылдаттык менен пайдалануунун зарылдыгын айты.

Ок атышпоо келишиминин толук аткарылышынын, Газага гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишинин жана аймактын реконструкциясын тез арада баштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Палестина аймагындагы согушту токтотуу үчүн өткөн аптада жетишилген келишимдин алкагында Хамас тарабынан Газада барымтага алынган 20 израилдиктин бошотулушунан кийин дүйшөмбү күнү Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды бошотуу башталды.

Бул учурда президент Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен өз алдынча, көшөгө артындагы жолугушууларды өткөрдү.

Иликте
Министр Фидан : "Кипр түркүнүн жанында болууну улантабыз"
Түркия Ахыска түрктөрүнүн Грузиядан сүргүнгө айдалышынын 81 жылдыгын эскерүүдө
Азербайжан-Грузия чек арасындагы учак кырсыгында шейит болгон түрк аскерлери үчүн азем өткөрүлдү
Вице-президент Йылмаз Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарын кабыл алды
Түрк командасы Дүйнөлүк кубок тандоо оюндарынын алкагында Болгарияга каршы  биринчилик үчүн беттешет
Хорватияда Түркиянын өрт өчүрүүчү учагы кырсыкка учурап, учкуч шейит болду
Шейит болгон түрк аскерлеринин сөөктөрү бейшемби күнү өлкөгө алып келинди
Европа өнүктүрүү банкы Түркияга инвестиция салууну пландаштырууда
Turkcell Түркияда Cloud кызматтарын сунуштоо үчүн Google менен өнөктөштүк түздү
Дүйнө Грузиядагы аскердик учак кырсыгынан кийин Түркияга көңүл айтууда
Түркияда алгачкы коло дооруна таандык 5000 жылдык көмүргө айланган арпа дандары табылды
Коргоо министрлиги: Грузиядагы аскердик жүк ташуучу учак кырсыгынан 20 түрк аскери шейит болду
Эрдоган менен Кобахидзе куткаруу иштерин талкуулашты
Түрк аскердик жүк ташуучу учагы Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерде кулады
Фидан: АКШ Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Сириянын биригүү зарылдыгын түшүнгөнүн билдирди
Түрк окумуштуусу жетектеген топ Күн системасынан тышкары жашоого ылайыктуу жаңы планеталарды тапты
Эрдоган: «Түркияны күчтөндүрүү Ататүрктүн мурасын урматтоо дегенди билдирет»
Түркияда өлкөнүн негиздөөчүсү Ататүрктүн каза болгонунун 87 жылдыгы белгиленүүдө
Стамбулда «Газанын келечеги» аттуу эл аралык саммит өтөт
Түркиянын тышкы иштер министри дүйшөмбү күнү АКШга барат