Газада туруктуу тынчтыктын эки мамлекеттүү чечим аркылуу чечиле аларын белгилеген Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Британиянын премьер - министри Кир Стармер менен өткөргөн сүйлөшүүдө эл аралык коомчулуктун бул багыттагы аракеттерин күчөтүүсү керектигин баса белгиледи.
Дүйшөмбү күнү Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында Газа тынчтык планы боюнча эл аралык саммиттин алкагында өткөн жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды. Түркиянын коммуникация башкармалыгы жолугушуунун деталдарын түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу билдирди.
Президент Эрдоган Британиянын премьер-министрине Түркиянын Израилдин кол салууларын токтотуу жана Газада ок атышпоого жетишүү үчүн катуу аракет кылып жатканын айтты. Ал ок атышууну токтотууну туруктуу кылуу жана тынчтыкка карай жол ачуу боюнча аракеттер мындан ары да активдеше тургандыгын баса белгиледи.
Эрдоган өзгөчө Газага үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирүүнүн жана аймакты калыбына келтирүү иштерин тез арада баштоонун зарылдыгын белгиледи.
Түркия менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө коргонуу өнөр жайы тармагында, өнүктүрүү боюнча иштердин жүрүп жатканын да айтты.
Эрдогандын БАЭ вице-президенти менен жолугушуусу
Президент Эрдоган БАЭ вице-президенти жана вице-премьер-министр шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен да жолугушту. Түркиянын коммуникация башкармалыгынын расмий билдирүүсүнө караганда жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык абалдар талкууланды.
Президент Эрдоган Түркия менен БАЭнин ортосундагы саясий карым-катнаштардын күчөшүнүн соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкка олуттуу салым кошконун белгиледи. Ал эки тарап башка тармактарда, өзгөчө коргонуу өнөр жайында кызматташууну мындан ары да арттырууга аракет кылып жатканын билдирди.
Эрдоган Газадагы абалга токтолуп, Түркиянын уланып жаткан геноцидди токтотуу үчүн аракет кылганын жана туруктуу тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк терезесинин ачыла баштаганын белгиледи. Ал бул мүмкүнчүлүктү кылдаттык менен пайдалануунун зарылдыгын айты.
Ок атышпоо келишиминин толук аткарылышынын, Газага гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишинин жана аймактын реконструкциясын тез арада баштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Палестина аймагындагы согушту токтотуу үчүн өткөн аптада жетишилген келишимдин алкагында Хамас тарабынан Газада барымтага алынган 20 израилдиктин бошотулушунан кийин дүйшөмбү күнү Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды бошотуу башталды.
Бул учурда президент Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен өз алдынча, көшөгө артындагы жолугушууларды өткөрдү.























