ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран жана АКШ Оманда жума күнү ядролук сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрөт
Логистикалык негиздерден улам Римде өткөрүлүшү кечеңдетилген төртүнчү айлампадагы сүйлөшүүлөрдүн бул жуманын акырында Маскатта өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Иран жана АКШ Оманда жума күнү ядролук сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрөт
/ Reuters

 Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасынын жуманын акырында Омандын борбор шаары Маскатта өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ирандын мамлекеттик медиасы сүйлөшүүлөрдүн 11 -  майда өткөрүлөрүн билдирди.

Рейтерге маалымат берген жана сүйлөшүү делегациясына жакын бир ирандык булак сүйлөшүүлөрдүн күнүн тактоо менен бирге : «Сүйлөшүүлөр Маскатта эки күнгө созулат; ишемби  - базар күнү же  базар  - дүйшөмбү күнү өткөрүлүшү пландалууда»,- деди.

Буга чейин 3 -  майда Римде өткөрүлүшү пландалган төртүнчү айлампадагы сүйлөшүү Омандын «логистикалык себептеринен» улам кечеңдетилген.

Axiosтун билдирүүсүнө караганда АКШнын башкы сүйлөшүүчүсү Стив Виткоффтун кийинки сүйлөшүү айлампасын бул жуманын акырында өткөрүүгө аракет кылгандыгы белгиленди. Билдирүү Ирандын тышкы иштер министрлигинин Тегерандын  дипломатияга болгон берилгендигин кайталагандан бир күн өткөндөн кийин жасалды.

2015 -  жылы Иран менен дүйнөлүк державалардын арасында кол коюлган өзөктүк келишимден АКШны чыгарган президент Дональд Трамп көп убакыттан бери уланып келе жаткан келишпестик чечилбесе Иранды бомбалоо менен коркуткан. Батыштык өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасынын курал өндүрүшүнө карата экендигин жактап, Тегеран программанын толугу менен жарандык максатта экендигин ортого салууда.

Кремль: «Адилеттүү келишим болушу керек»

Бир тараптан Россиянын президенти Владимир Путин ирандык кесиптеши Месуд Пезешкиан менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Москванын Иран менен АКШнын ортосунда «адилеттүү» өзөктүк келишимди колдогондугун жана сүйлөшүүлөргө салым кошууга даяр экендигин белгиледи.

Кремль лидерлер арасындагы телефон аркылуу сүйлөшүүгө байланыштуу берген билдирүүсүндө : «Орус тарабы эл аралык мыйзамдын принциптерине таянган адилеттүү бир келишимди түзүү максатында диалогдун  алдыга жылдырылышына салым кошууга даяр экендигин тастыктады»,- деп билдирди.

Россия 2022 -  жылы  февраль айында Украинага карата баштаган кол салууларынан кийин Иран менен аскердик жана дипломатиялык карым  - катнаштарын тереңдетти. 

Батыштын оор санкцияларына дуушар болгон эки өлкө бул жылдын башында стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Акыркы жолу Москва Ирандын эң чоң соода портунда адам өмүрүн алган жарылуудан кийин чыккан өрттү өчүрүү үчүн өлкөгө эки учак жиберген.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады