САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Түркия менен Түштүк Кореянын мамлекет башчылары Анкарада маанилүү темаларды талкуулашты
Президент Эрдоган эки тараптын тең тиешелүү мекемелери таза электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантаарын билдирди.
Түркия менен Түштүк Кореянын мамлекет башчылары Анкарада маанилүү темаларды талкуулашты
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жолугушту. / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён кызматташтыкты кеңири чөйрөдө чыңдоого багытталган ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Анкарада жолугушту.

Эрдоган дүйшөмбү күнү лидерлер соода, коргонуу, жасалма интеллект, энергетика, жарым өткөргүчтөр жана башка тармактарды камтыган эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулаганын айтты.

Ошондой эле эки тарап плазма технологиясы жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Эрдоган эки тараптуу соода учурда 10 миллиард доллардан ашканын жана аны 15 миллиард долларга жеткирүү максаттталганын билдирип, Түркиянын өлкөгө инвестиция салууну каалаган түштүк кореялык инвесторлорду толук колдой турганын айтты.

Президент Эрдоган: "Анкара менен Сеул көптөгөн тармактардагы мамилелерин өз ара пайдага негизделген түшүнүктө бекемдей беришет", - деди.

Коргонуу жаатындагы кызматташтыкты эки тараптуу окутуу жана инвестициялар аркылуу тереңдетүүгө болорун баса белгилеген Режеп Таййип Эрдоган: "Тиешелүү мекемелер менен таза электр энергиясы станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөрүбүз да уланууда", - деп айтты.

Эрдоган ийгиликтүү коргонуу кызматташуусу эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, аймактык тынчтыкка салым кошот деген үмүтүн билдирди.

Президент Эрдоган ошондой эле Түштүк Кореянын Сирия менен дипломатиялык мамилелерди түзүү чечимин кубаттап, мунун "кубандыруучу жагдай" экенин айтты.

Газа маселеси боюнча Эрдоган: «Түркия менен Түштүк Корея Газадагы ок атышпоонун сакталышын, жарандардын өлүмүн алдын алууну жана эки мамлекеттүү чечимди жактайт», — деп билдирди.

Украина темасында Эрдоган Түркия туруктуу тынчтыкты камсыздоого багытталган бардык дипломатиялык аракеттерди, өзгөчө Истанбулдагы сүйлөшүүлөр аркылуу колдоону уланта берерин айтты.

Эрдоган Анкаранын Ирак, Африка жана Борбордук Азия, ошондой эле Сирия, Газа жана Украина сыяктуу көптөгөн аймактарды калыбына келтирүүдө Сеул менен биргеликте иштей алаарына ишенгенин билдирди.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жекшемби күнү өлкөсү жана Түркия «эркиндикти жана демократияны коргоо үчүн жанаша күрөшкөн бир тууган элдер» экенин айткан.

Иликте
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады