САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун экинчи этабы жакындап келе жатат
Израилдин аскердик чабуулу 10-октябрда Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргендиктен азайган, бирок токтогон жок.
Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун экинчи этабы жакындап келе жатат
Нетаньяху Трамптын планынын биринчи фазасы бүтөйүн деп калганын айтты. / Reuters
8 Декабрь 2025

Израилдин канкор геноцидчиси Биньямин Нетаньяху бул айдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын жана Трамптын Газага багытталган планынын экинчи баскычы жакында экенин айтты.

Ал жекшембиде Германия канцлери Фридрих Мерц менен биргелешкен маалымат жыйында бул жолугушууда тынчтык үчүн мүмкүн болгон варианттар жана палестиналык каршылык көрсөтүү уюму Хамастын тилкедеги башкаруусуна чек коюу маселелери караларын билдирди.

Палестина тилкесиндеги эки жылга созулган согушту токтотууга багытталган Трамптын планынын кийинки баскычтары боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Пландын ичинде ошондой эле израилдик туткундар бошотулушу жана Газада эл аралык «Тынчтык кеңеши» тарабынан көзөмөлдөнгөн, эл аралык коопсуздук күчтөрү колдогон убактылуу технократиялык Палестина өкмөтүн түзүү да каралган.

«Айдын аягында экинчи баскычтын ишке ашышын кантип камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү сүйлөшүүлөр болот» — деди Нетаньяху.

Ал ошондой эле Трамптын планындагы биринчи баскыч аяктаар алдында экенин билдирди.

10-октябрда Газадагы ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден бери Израиль тараптан жасалган зулумдуктар басаңдады, бирок толугу менен токтогон жок.

Токтотуу киргенден бери Хамас бардык 20 тирүү туткунду жана 27 сөөктү болжол менен 2000ге жакын палестин кармалгандар жана камактагылар менен алмаштырган. Бир туткунун сөөгү болсо дагы Газада калган.

Хамас жакында эле Газадагы курал-жарагын аймакты башкарган палестин бийлигине өткөрүп берүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн Израиль аскерлеринин оккупациясы токтошу керектигин билдирген.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Евробиримдик Газа чек арасын көзөмөлдөө миссиясын кайра улантат
Иликте
ЮНИСЕФ: Электр үзгүлтүктөрүнөн улам украиналык балдар катаал кышта сууктан жабыркап жатышат
Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосундагы коргонуу келишими "даярдоо этабында"
Ирандагы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны 2677ге жетти
Трамп Газа тынчтык кеңеши түзүлгөнүн жарыялады
Тышкы иштер министри Фидан: Түркия Иранга карата "ар кандай аскердик кийлигишүүгө" каршы
Вице-президент Жевдет Йылмаз Анкарада АКШнын өкүлү Том Баракты кабыл алды
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газадагы аба соккулары жана артиллериялык атуулары уланууда
Зеленский Украинанын энергетика тармагында өзгөчө абал жарыялоону пландап жатат
Трамп Ирандагы демонстрант өлүмдөрүнүн "токтогонун" билдирди
Аймактык чыңалуу күчөгөн сайын, Япония менен Филиппиндер жаңы коопсуздук келишимдерине кол коюшту
ФБРдин "Вашингтон пост"  кабарчысынын үйүнө жасаган рейди басма сөз эркиндиги боюнча талкуу жаратты
Трамп: Украина тынчтык келишимине Путин эмес, Зеленский тоскоолдук кылууда
Кытай ШКУ өлкөлөрү менен байланыштарды чыңдоо үчүн атайын өкүл дайындады
Ирандын аба мейкиндиги кайрадан ачылды
Европа өлкөлөрү Ирандагы жарандарын "качып кетүүгө" чакырышты