ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Европа Биримдигинин соода комиссары Марош Шефчович Брюсселдин сейрек кездешүүчү жер элементтерин жеткирүү булактарын диверсификациялоо аракеттерин улантып жатканын билдирди.
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал" / AP

Европа Биримдиги өнөр жайлары үчүн маанилүү сейрек кездешүүчү жер элементтерин жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Кытай бийлиги менен "атайын байланыш каналын" түзгөнүн Европа Биримдигинин соода комиссары Марош Шефчович билдирди.

Бул кадам Кытайдын ушул жылдын башында сейрек кездешүүчү жер элементтерине экспорттук көзөмөлдү киргизгенинен кийин болду. Бул көзөмөл электр унаалары, шамал турбиналары жана туруктуу магниттер сыяктуу технологияларга көз каранды болгон Европадагы өндүрүш үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген тынчсызданууларды жаратты.

Европа жана АКШ менен түзүлгөн бир катар келишимдер камсыздоо кризисин жеңилдетти. Ошол эле учурда Европа Биримдиги, АКШ жана башка өлкөлөр Кытайдын сейрек кездешүүчү элементтерин жеткирүү чынжырына альтернативаларды түзүү үчүн иштеп жатышат.

Шефчович шаршемби күнү бул маселени Кытайдын соода министри Ван Вэньтао менен бир нече жолу түздөн-түз талкуулаганын жана начар башкарылган экспорттук жол-жоболор Европа Биримдигиндеги өндүрүшкө "өтө терс таасирин" тийгизиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Шефчович бул сөздөрдү Кувейтте 2025-жылдагы ККК-ЕБ Бизнес форумуна катышып жатып айтты.

Брюссель менен Пекин европалык компаниялардын арыздарына артыкчылык берүүгө макул болушту. Бул жаңы канал аркылуу эки тараптын расмий өкүлдөрү сейрек кездешүүчү жер металлдарын экспорттоого уруксаттарды карап чыгуу жана тездетүү үчүн биргелешип иштеп жатышат.

Шефчовичтин айтымында, европалык компаниялар Кытай бийлигине көзөмөл киргизилгенден бери 2000ге жакын арыз беришкен, алардын жарымынан көбү бекитилген.

Брюссель калган арыздарды тезирээк карап чыгуусу үчүн Пекинге кысым көрсөтүүнү улантып жатканын, ошол эле учурда Европада жаңы булактарды, анын ичинде Эстониядагы сейрек кездешүүчү минералдар менен магниттер өндүрүшүн өнүктүрүү аркылуу камсыздоону диверсификациялоо боюнча иштеп жатканын айтты.

Европа Комиссиясы шейшемби күнү Европа Биримдиги менен Кытайдын расмий өкүлдөрү сейрек кездешүүчү элеменеттердин экспортун жеңилдетүү үчүн жалпы лицензияларды талкуулашканын билдирди.

Кытай дүйнөдө магниттерди жасоодо колдонулган минералдардын эң ири өндүрүүчүсү болуп саналат. Бул минералдар автоунаа, электроника жана коргонуу тармактары үчүн абдан маанилүү.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"