Кремль Европаны «орус активдерин конфискациялоонун» кесепеттери тууралуу эскертти
Европа Биримдиги Россиянын Европада тоңдурулган активдерин колдонуу менен Украинага 164,37 миллиард долларлык насыя берүүнү карап жатат.
Шаршемби күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге: "Россиянын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу пландары жөнүндө сөз кылып жатабыз. Орусча айтканда, биз буга уурулук дейбиз",- деди.
Песков кимдир бирөөлөр Россиянын активдерин же алардан түшкөн кирешелерди уурдаса же кыянаттык менен пайдалана турган болсо "бул ишке тиешеси бар адамдардын кандайдыр бир жол менен сот жообуна тартыларын, алардын баарынын жооп берерин" билдирди.
Песков ошондой эле тиешелүү өлкөлөрдүн бутага алынаарын белгилеп: "Булар мүлккө кол тийбестик принцибине болгон ишенимди толугу менен жок кылууга багытталган кадамдар. Бумеранг биринчи кезекте аманатчыларды жана инвестиция тартууну кызыктырган өлкөлөргө абдан олуттуу сокку урат",- деди.
Кремль активдердин конфискацияланышы борбордук банк системасына, еврого болгон ишенимге жана Европадагы мүлктүн жана менчик укуктарынын коопсуздугу жөнүндөгү түшүнүккө доо кетирерин бир нече жолу билдирген.
Макулдашууга жетүү аракеттери
Европа Биримдиги Европада тоңдурулган орус активдерин пайдалануу менен Украинага 140 миллиард евро (164,37 миллиард доллар) насыя берүү сунушун карап жатат.
Тоңдурулган орус активдери болжол менен 300 миллиард долларды түзөт, анын 210 миллиард евросу Европа өлкөлөрүндө сакталууда, ал эми 185 миллиард евросу Брюсселде жайгашкан борбордук баалуу кагаздарды сактоочу Euroclear уюмунда турат; бул сумманын болжол менен 176 миллиард евросу баалуу кагаздардын мөөнөтү аяктаган сайын накталай акчага айландырылууда.
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кажа Каллас шаршемби күнү бардык мүчө-мамлекеттердин орус активдерин Украинага компенсациялык насыя берүү үчүн колдонууну колдобосо да, Европа Биримдиги келишимге жетишүү үчүн мүмкүн болушунча ылдамдык менен иштеп жатканын айтты.
Каллас конфискацияланган орус активдеринин акырында Украинадагы согуштук репарацияларды каржылоо үчүн колдонулушу керектигин баса белгилеп, Копенгагенде журналисттерге: «Эгерде биз бул (орус) активдерди эсепке албасак, анда бул, албетте, биздин салык төлөөчүлөргө жүктөлөт», - деди.