ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдин Газага кол салуусунда 9 баласынан ажыраган палестиналык дарыгер каза болду
Газада Израилдин аба соккусунан тогуз баласынан ажыраган палестиналык ата, оор жаракат алган Хамди ал-Нажжар каза болду.
Израилдин Газага кол салуусунда 9 баласынан ажыраган палестиналык дарыгер каза болду
Hamdi al Najjar was wounded along with one of his children, Adam. / Reuters
1 Июнь 2025

Жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматтарынын берген маалыматына караганда, Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына Израилдин аба соккусунан тогуз баласынан ажыраган палестиналык ата ошол эле кол салууда алган жараатынан улам каза болду.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Мунир Абдуллах аль-Барш ишемби күнү X платформасында жасаган билдирүүсүндө: «Доктор Хамди аль-Нажжар жана анын жубайы доктор Алаа аль-Нажжар менен бирге Хан Юнустун түштүгөндөгү үйлөрүн Израилдин бомбалоосунан улам жараат алды. Доктор Хамди аль-Нажжар жараатынын себебинен мурда каза болгон тогуз баласына кошулду»,-деди. Ал ошондой эле бүтүндөй үй-бүлөдө энеси менен жалгыз баласы аза күтүп калганын белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Хамди аль-Нажжар 24-майда Израиль аскерлери алардын үйүн бомбалаганда оор жарадар болгон. Палестиналык педиатр энеси Алаа аль-Нажжар кызмат учурунда тогуз баласынын күйүп кеткен денесин Насер медициналык комплексинде кабыл алганда, киши чыдагыс азапка кабылган.

Алардын үйүн бутага алган Израилдин абадан соккусунан балдары каза болуп, аман калган жалгыз баласы Адем менен жубайы доктор Хамди ал-Наджар жараланды. Туугандарынын айтымында, балдардын денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен.

Израиль армиясы аль-Нажжардын үй-бүлөсүн бутага алган учкучсуз учуучу аппараттын чабуулун иликтей турганын билдирди.

ТийиштүүTRT Global - In tears, Palestine's UN envoy implores for end to starvation and wanton Israeli killings in Gaza

Израилдин кыргыны 

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада мыкаачылык менен кыргынын улантып  көбү аялдар жана балдардан турган 54 миң 400 палестиналыкты өлтүрдү.

Гуманитардык уюмдар 2 миллиондон ашуун калк жашаган аймакта ачарчылык коркунучу бар экенин эскертишти.

Израиль ошондой эле блокадага алынган аймактын чоң бөлүгүн урандыга айлантып, дээрлик бүт калкты көчүрдү.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык Кылмыш Соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген.

Израилге аймактагы карапайым элге кыргын салган согуш кылмыштары үчүн Эл аралык Адилет Сотунда геноцид айыптары коюлууда.

Иликте
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады