Шейит болгон түрк аскерлеринин сөөктөрү бейшемби күнү өлкөгө алып келинди

Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн С-130 аскердик жүк ташуучу учагы Азербайжандан Түркияга кайтып келе жатып кырсыкка учураган.

By
Шейит аскерлердин сөөктөрү / AA

Жүк ташуучу учак кырсыгында каза болгон аскерлердин сөөктөрү Түркияга алып келинди.

Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн А400М учагы сөөктөрдү Грузиянын борбору Тбилисиден Анкарадагы Мүртед аба базасына жеткирди.

Шейшемби күнү Грузия-Азербайжан чек арасында кулап түшкөн жүк ташуучу учакта каза болгон түрк аскерлеринин сөөктөрү бейшемби күнү Түркияга алып келинди.

Соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн А400М учагы сөөктөрдү Грузиянын борбору Тбилисиден Анкарадагы Мүртед аба базасына жеткирди.

Учак конгондон кийин сөөктөр тез жардам унаалары менен Соттук-медициналык экспертиза мекемесине алып барылды.

Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн С-130 аскердик жүк ташуучу учагы Азербайжандан Түркияга кайтып келе жатып кырсыкка учураган.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда, учакта экипаж мүчөлөрү менен бирге 20 адам болгон.