САЯСАТ
1 мүнөт окуу
«Анна Франк тирүү болгондо Газадагы кыргын тууралуу жазмак»
Палестинага колдоо көрсөткөн активисттер исскуство менен батыштын Газадагы гуманитардык кризиске карата кош стандартын сынга алышууда.
00:00
«Анна Франк тирүү болгондо Газадагы кыргын тууралуу жазмак»
Анна Франк / AP

Германиянын Палестинаны жактаган активдүүлүгүнө карата кысымдарга карабастан Берлинде миңдеген киши ок атышпоо келишиминен кийин «Жеңиш жүрүшүнө» чыгышты.

Мухаммед Абу Хамдан тарткан бир фотографияда жаш бир кыз Газадагы Нусейрат качкындар лагеринин кыйрандыларынын арасында  нан бышыруу үчүн камыр жууруп отурат.

PALI Think Hub тарабынан уюштурулагн көргөзмө Европанын бир топ жеринде уюштурулду жана Газадагы гуманитардык кризиске көңүлдөрдү бурду. Көргөзмөнүн максаты адамдардын Газадагы чындыктарды сезүүсүнө жана байланыш түзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү.

PALI Think Hub негиздөөчүсү Эмма Ло Анна Франктын чыгармаларынын Газадагы кыйынчылыктарды чагылдыргандыгын жана Франк тирүү болгондо Газадагы геноцид тууралуу жазарын белгиледи. Ло батыштын Палестина тууралуу эки жүздүүлүгүн сынга алып, адам укуктарын тандоо менен колдонуунун ишенимге доо кетирээрин баса белгиледи.

Ло өзгөчө АКШнын Израилге  көрсөткөн аскердик колдоосун сынга алып, өкмөттөрдүн  зомбулукту колдоону токтотуусу керектигин жактады.

Израилдин Палестинадагы аракеттеринин глобалдык бир маселе экендигине көңүлдөрдү бурган Ло баарынын жоопкерчилиги бар экендигин айтты. Палестинага колдоо көрсөткөн активисттер искусство жана коргоочулук жолу менен батыштын тандоо менен кылган аракетине каршы чыгып, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакырышууда.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты