Фотосүрөттөр: Иран Израилдин чабуулдарына туруштук берүүдө жана жооп кайтарууда
Иран Израилдин чабуулдарына учкучсуз аппараттар жана ракеталар менен жооп кайтарууда. Нетаньяхунун саясаты аймактык кагылышуу коркунучун курчутуп жатат. Тегерандагы жарандар болсо белгисиздик жана тынчсыздануу менен жашоону улантууда.
Израилдин Иранга кол салуулары беш күндөн бери уланып жатат. Израилдин согуштук учактары Ирандын борбору Тегеранга сокку урууда, Иран да жооп иретинде Израилге дрондор жана ракеталар менен чабуулун улантууда.
Ирандын Революциялык гвардиясы акыркы 72 сааттын ичинде Израилге каршы 545 дрон операциясын жүргүзгөнүн жана дагы көптөгөн жооп кайтаруу чабуулдары пландалып жатканын билдирди.
Эки өлкөдө тең жоготуулар көбөйүп, дүйнө коомчулугу сабырдуулукка жана ок атышууну токтотууга чакырууда.
Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтонду аскерий колдоо көрсөтүүгө үндөгөндөн кийин АКШ Израилдин Иранга кол салууларына кошулушу мүмкүн деген кооптонуулар күчөдү.
Израилдин чабуулдары учурунда Ирандын көчөлөрүн жана асманын чагылдырган көрүнүштөр: