Сереп салуу
САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Иран согушка каршы Трамп менен коопсуздукту ойлогон диниятчылардын ортосундагы кыл көпүрөдө баратат
Көптөгөн геосаясат талдоочулар Трамптын бул жолу Тегеранга карата саясаты кандай болоруна кызыгат.
00:00
Иран согушка каршы Трамп менен коопсуздукту ойлогон диниятчылардын ортосундагы кыл көпүрөдө баратат
Иран 46-жылдыгын майрамдайт / AA Archive
14 Февраль 2025

Мунун баары Трамп менен Ирандын үстүнөн ким бийлик жүргүзө турганынан көз каранды. Трамп шылуун министрлер кабинетин тандап алса, Иран саясатта жеңилдиктерге баруу керекпи же АКШга каршы дагы бекем туруу керекпи деген эки анжы пикирде.

АКШнын жаңы президенти 2025-жылдын 20-январында экинчи ирет катары менен эмес президенттик мөөнөтүнө кириши менен, Жакынкы Чыгыш Американын жаңы жетекчилигин, өзгөчө Иран боюнча сыноону улантат. Көптөгөн геосаясат талдоочулар Трамптын бул жолу Тегеранга карата саясаты кандай болоруна кызыгат.

Трамптын жеңиши Ирандын саясий чөйрөлөрүндө түрдүү жоромолдорду жана талаш-тартыштарды жаратып, өзгөчө реформачыл жана консервативдүү фракциялардын ортосундагы маанилүү идеологиялык ажырымды тереңдетти.

Трамп 2016-жылы президенттик кызматка биринчи жолу киришкенде, анын Ак үйгө келиши эл аралык мамилелерде, өзгөчө Жакынкы Чыгышка карата трансформациялык доордун башталышы болгон.

Трамп администрациясынын Барак Обаманын тушунда кол коюлган Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынан (JCPOA) бир тараптуу чыгуусу жана анын кийин ишке ашырган «максималдуу басым» саясаты Иран саясатында чоң өзгөрүүгө себеп болду. Бул саясий кадамдар Ирандагы негизги саясий оюнчулардын арасында Трамптын администрациясын кабылдоодо жана чечмелөөдө олуттуу айырмачылыктарды жаратты.

Маселен, Трамп өзөктүк келишимден чыккандан кийин дароо ирандык белгилүү реформаторлор Трампка кат жазып, Иран аны менен түз сүйлөшүүлөргө киришүүсүн жакташкан.

Буга жооп кылып ирандык катаал көз караштагылар ошол кездеги президент Хасан Руханинин администрациясынан Трамптын келишимден чыкканына жооп иретинде өзөктүк келишимдин 37-беренеси боюнча Ирандын милдеттенмелерин токтотууну талап кылышкан.

Орусия, Кытай жана тең салмактуулук саясаты

Трамптын Ак үйгө кайтып келиши менен Иран дагы бир жолу консерваторлор менен реформаторлордун ортосундагы идеологиялык ажырымдан келип чыккан саясий тирешүүлөрдү баштан кечирүүдө.

Реформисттер Трамптын Кытайды ооздуктоо жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий катышуусун кыскартуу стратегиясы Иран менен келишимди сөзсүз түзөт деп эсептешет.

Башкача айтканда, Иран менен келишимге кол коюу АКШнын глобалдык максаттарын алдыга жылдыруу үчүн стратегиялык императивди түзөт.

Бирок бул көз караш толугу менен Трамп прагматикалык мамиле жасап, Иран келишимин өз үйүндө да, сыртында да тынчтык орнотуучу катары жеке мурас калтыруу үчүн колдонор-болбосунан көз каранды. Ирандык реформаторлор Трамптын согушка каршы риторикасын стратегиялык мүмкүнчүлүк катары чечмелеп, Иран менен келишимдин баасы согуш жүргүзүүнүн экономикалык жана саясий жүгүнөн алда канча аз болот деп ырасташат.

Трамптын тушунда АКШ менен Ирандын потенциалдуу келишими Тегерандын Москва жана Пекин менен алакасын начарлатса да, ирандык реформаторлор бир нече альянстарды издөө менен тобокелчиликке барууга даяр көрүнөт.

Ал эми консервативдүү мамиле Ирандын коопсуздугун жана учурдагы геосаясий абалын сактоого басым жасайт. Бул АКШнын келе жаткан администрациясынын эсептөөлөрү менен карама-каршы келет, анткени Трамп Ирандын аймактык жүрүм-турумуна, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы “Каршылык көрсөтүү огу” сыяктуу Иран колдогон аймактык альянстарга карата радикалдуу өзгөрүүлөрдү талап кылат.

Трамптын администрациясындагы көптөгөн ашынган фигуралар Иранга карата катаал, компромиссиз саясатты жакташат. Эгер Иран касташкан АКШ менен сүйлөшүүлөргө кирсе, Тегерандын кылдаттык менен өстүрүлгөн аскердик имиджин бузуп, Ирандын ичинде каршылык жаратат. Бул ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр Кытай менен Орусиянын Иранга болгон ишенимине шек келтирет жана аларды Тегеран менен соода жана аскердик мамилелерин чектөөгө түртөт. Ал эмес Сауд Арабиясы жана Израиль сыяктуу аймактык атаандаштары да Тегерандын аймактык таасирин чектөө үчүн катаал чараларды көрүүгө шыктанышат.

 Трамптын 2016-жылы өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгуусу консерваторлордун арасында Вашингтон ишенимсиз оюнчу деген түшүнүктү бекемдеген. Андан тышкары, Трамп администрациясынын Ирандын ракеталык программасы жана аймактык таасири боюнча катаал позициясы консерваторлордун потенциалдуу сүйлөшүүлөргө каршылыгын ого бетер күчөттү.

Трамптын тушунда Ирандын стратегиясы кандай болот?

Иран өкмөтү, кыязы, эки багыттуу стратегияны ишке ашырат - бири глобалдык чыңалууну басаңдатуу аркылуу эл аралык басымды жеңилдетүүгө багытталган, ал эми экинчиси аймактык таасирди кеңейтүү аркылуу стратегиялык карманууну жогорулатууга багытталган.

Мындай мамиле Тегерандын дипломатиялык дискурсунда көрүнөт. Иран сүйлөшүүлөргө ачык имиджин сактаганы менен, тышкы саясаттагы максаттарын унутпоо үчүн коргонуусун жана аймактык прокси күчтөрүн бекемдөөнү улантат.

Ирандын Батыш медиасы жана аналитикалык борборлорундагы таасир тармагы дүйнөнү, өзгөчө Европа менен Американын жетекчилигин диалог мүмкүнчүлүгүн четке кагууга болбойт деп ынандырууда негизги ролду ойнойт. Трамптын биринчи мөөнөтүндөгү АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык тирешүүлөр Вашингтон Европаны Орусиянын жетишкендиктеринен сактап калуу үчүн мойнуна алган каржылык оорчулуктан улам болгон, көптөгөн аналитиктер Иран Трамптын экинчи мөөнөтүндө да ушундай динамика күтүүдө деп ырасташат. Иран бул бөлүнүүдөн пайда көрүшү мүмкүн.

Башка жагынан алганда, Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташуусун чектелген, бирок стратегиялык деңгээлде улантуу менен, өзөктүк программасын үзгүлтүксүз уланта бериши ыктымал.

Бирок экономикалык кризистер тереңдеп баратканда, Иран карама-каршы үндөр үчүн кандайдыр бир мейкиндикти ачышы мүмкүн, анткени бул өлкөнүн президентине европалык демократиялардан тымызын колдоо алууга жардам бериши мүмкүн.

Демек, Иран кээ бир социалдык медиа платформаларын бөгөттөн чыгарып, жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүүнү жеңилдетип, секталык жана этникалык талаптарды кандайдыр бир деңгээлде билдирүүгө уруксат бериши ыктымал.

Жалпысынан алганда, өлкө Трамптын Ак үйгө кайтып келгенине карабастан, өзөктүк программасын улантуу менен ички жана тышкы саясаттагы позициясын сактап калуу үчүн көп катмарлуу стратегияны калыптандыруунун белгилерин көрсөтүүдө.

Бирок көп нерсе Трамптын Ирандын кылдаттык менен жасалган кадамдарына кандай жооп кайтараарынан көз каранды. Трамптын согушчан жана туруксуз инсандыгын эске алганда, Тегеран же санкциялардын жаңы толкуну астында кысылып, аймактагы стратегиялык жоготууларга учурайт, же бул процессти жеңип, Вашингтон менен жаңы барак ачат.

ТийиштүүTRT Global - Iran walks a tightrope between anti-war Trump and security-obsessed clergy

/

БУЛАК:AA Archive
Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду