ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган АКШнын президенти Трамп менен сүйлөштү
Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президент Эрдоган АКШнын президенти Трамп менен сүйлөштү
Трамп менен Эрдоган

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүдө Түркия менен АКШнын эки тараптуу мамилелери, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүү учурунда аймактагы жаңжал процессинде ок атышууну токтотууну узартуу чечимин оң жылыш катары эсептегенин, талаштуу маселелерде акылга сыярлык чечимдин мүмкүн экенине ишенгенин жана конструктивдүү демилгелерге колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдирди.

Сирияда туруктуулукту орнотуу бүткүл аймак үчүн маанилүү жетишкендик болгонун баса белгилеген президент Эрдоган Түркиянын Сирияга колдоосу үзгүлтүксүз улана берерин, ошондой эле Ливандагы кырдаалдын начарлашына жол бербөө керектигин айтты.

Президент Эрдоган НАТОнун Анкарадагы саммитине даярдыктар жүрүп жатканын жана саммиттин бардык жагынан ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуу максатында аракет кылып жатышканын маалымдады.

Президент Эрдоган ошондой эле АКШнын президенти Трампка мурунку күнү Сан-Диегодогу мечитке жасалган жийиркеничтүү кол салуудан улам көңүл айтып, кайсы диний топ бутага алынганына карабастан мындай жек көрүүчүлүк кылмыштарына Түркиянын каршы чыкканын билдирди.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат