ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: «Түркия Украина, Газа жана Судандагы тынчтык аракеттерин кайра баштайт»
Йоханнесбургдагы G20 лидерлеринин саммитинде президент Эрдоган басма сөзгө Анкара "тынчтык үчүн бардык жерде чуркоосун уланта берерин" айтып, дан келишимин жандандыруу боюнча Орусия менен пландаштырылган сүйлөшүүлөр жөнүндө сөз кылды.
Эрдоган: «Түркия Украина, Газа жана Судандагы тынчтык аракеттерин кайра баштайт»
Эрдоган Газадагы чабуулдарды "геноцид" деп эсептеген позициясын кайталады. / AA

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия Жакынкы Чыгыштан Африкага жана Украинага чейинки чыр-чатак аймактарындагы эл аралык тынчтык аракеттерине катышуусун уланта берерин айтып, Анкаранын глобалдык кризистерди чечүү аракеттериндеги алдыңкы ролун баса белгиледи.

Жекшемби күнү Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөн G20 лидерлеринин саммитинде басма сөзгө сүйлөп жатып, Эрдоган Түркия Украина менен Орусиянын ортосунда адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын айтты.

Эрдоган дүйшөмбү күнү орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Кара деңиздеги дан коридорун жандандыруу маселесин талкуулоо үчүн телефон аркылуу байланыша турганын жана бул аракеттер тынчтыкка жол ачууга багытталганын баса белгиледи.

Эрдоган кошумчалап: "Эгерде биз бул процессти баштасак, бул абдан пайдалуу болот деп ишенем",-деди.

Президент Түркия чыр-чатакты токтотуу үчүн жоопкерчиликти алуудан тартынбай турганын билдирди.

Эрдоган: "Көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылды; мен Путин менен бул өлүмдөрдү токтотуу үчүн кандай кадамдарды жасай аларыбызды талкуулайм. Бул талкуулардан кийин европалык өнөктөштөрүбүз, Трамп мырза жана башка досторум менен натыйжаны талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болом деп ишенем", - деди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Зеленский Трамп менен жолугушуу Орусия менен согушту бүтүрүүгө жакындатышы мүмкүн экенин айтат

Израилдин Газадагы геноциди

Газага жайгаштырылышы пландалган эл аралык турукташтыруу күчтөрүнө түрк коопсуздук күчтөрүнүн катышуусуна Израилдин каршылыгына жооп катары Эрдоган бул маселе Коргоо министрлиги менен дагы эле талкууланып жатканын айтты.

Эрдоган: «Бул баалоодон кийин биз өз чечимибизди кабыл алабыз», - деди.

Түркия Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө маанилүү ролду ойногон жана Египетте кол коюлган келишимдин катышуучусу болгон. Анкара Израиль өкмөтүнүн катуу каршылыгына карабастан, пландаштырылган турукташтыруу күчтөрүнө катышуу каалоосун бир нече жолу билдирген.

Эрдоган Газадагы кол салуулар геноцид экенин жана бул геноцид үчүн Израилдин геноцидчи канкору Биньямин Нетаньяху жооптуу экенин кайталады.

Президент 1967-жылдагы чек араларга негизделген, оккупацияланган Чыгыш Кудсту анын борбору катары тааныган көз карандысыз Палестина мамлекети болбосо, дүйнөлүк тынчтык мүмкүн эместигин билдирди. Ал Түркия Палестинанын адилеттүү күрөшүн бекем коргой турганын жана "Газадагы эзилген элдин укуктарын ар бир платформада эр жүрөктүк менен коргой турганын" кошумчалады.

 Судандагы жаңжал

Ошондой эле Судандагы согушка токтолгон президент Эрдоган "судандык бир туугандар" өлкөдө уланып жаткан согушта Түркиянын тынчтык орнотуу аракеттерине катышуусун каалаарын жана Анкара жаңжалды токтотууга колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.

Судандагы согуш 2023-жылы Судандын куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы бийлик талашында башталган. Ыкчам колдоо күчтөрү өлкөнүн эң ири шаарларынын бири болгон Эль-Фаширди басып алгандан кийин массалык жоготуулар болгон.

Түркия Судан өкмөтүн колдой турганын кайталап, жаңжалды токтотууга чакырат.

ТийиштүүTRT Кыргызча - БУУ: Эль-Фаширдеги жайкын тургундар "элестетүү мүмкүн болобогон" мыкаачылыкка туш болууда
Иликте
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Стамбул жээгинде эки коммерциялык кеме кагылышып, экипаждын 10 мүчөсү дайынсыз жоголду
Түркиянын адилет министри Гүрлек грек кесиптеши Флоридис менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Путин менен жолугушту
Түркия космосту изилдөөдө жаңы кадам таштады: Артемида келишимине кол коюлду
Түрк коргоо өнөр жайы дүйнөлүк гиганттар менен атаандашууда
Министрлер Фидан менен Гүлер, Пакистандын Тышкы иштер министри Дар менен Бишкекке бара жатышат
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Президент Эрдоган Шанхай саммитине катышат
Түркия Түндүк Кипрдин жээгинде оодарылып кеткен кемеде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Коммуникация башчысы Дуран 30-Август Жеңиш майрамы боюнча билдирүү жарыялады
Президент Эрдоган: «Эч ким Түркияны ыйык күрөшүнөн токтото албайт»
Тышкы иштер министрлиги: Эл аралык коомчулук Нетаньяху өкмөтүнүн калптарына ишенбейт
Түркия Кара деңиздеги кемелерге кол салуу боюнча Украинанын элчисин чакыртты
Жашыл деңиз таш бакалардын балдары  деңизге карай жол тартууда
Эрдоган: Түркия ислам дүйнөсүндө альянстарды кеңейтип, келишпестиктерди азайтууга аракеттенүүдө