ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган Ирактын премьер-министри Судани менен соода жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча cүйлөштү
Режеп Таййип Эрдоган менен Мухаммед Шиа аль-Судани эки тараптуу карым - катнаштарды, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Эрдоган Ирактын премьер-министри Судани менен соода жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча cүйлөштү
Түркиянын президенти терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты арттыруу эки өлкөгө тең пайда алып келерин баса белгиледи. / AA

Түркиянын президенттик аппаратынын коммуникация башкармалыгы президент Эрдогандын жума күнү Ирактын премьер-министри менен эки тараптуу карым - катнаштар, аймактык жана глобалдык окуялар боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

Режеп Таййип Эрдоган Мухаммед Шиа аль-Судани менен болгон сүйлөшүүсүндө Анкара Ирак менен көптөгөн тармактарда, айрыкча соода боюнча карым - катнаштарды чыңдоо үчүн кадамдарды таштоону улантарын билдирди.

Президент ошондой эле терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүү эки өлкөгө тең пайда алып келерин баса белгиледи.

Режеп Таййип Эрдогандын 2024-жылдын апрель айында Иракка болгон сапары эки тараптуу мамилелердеги бурулуш жери болду.

Сапардын жүрүшүндө коопсуздук, соода, чек ара аркылуу өтүүчү суулар, айыл чарбасы, маданият жана транспорт сыяктуу тармактарда 27 келишимге жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлуп, эки тараптуу өнөктөштүктүн укуктук негиздерин бекемдеди.

Эрдогандын сапары учурунда кол коюлган негизги документтердин бири болгон Биргелешкен кызматташтык боюнча стратегиялык алкактык келишимдин негизинде түзүлгөн биргелешкен туруктуу комитеттер аркылуу кызматташтыкты институционалдаштырууда олуттуу ийгиликтерге жетишилди.

Кийинки мезгилде жогорку деңгээлдеги саясий жана техникалык байланыштар дагы да күчөдү.

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Суданинин 2025-жылдын май айында Түркияга расмий сапарынын алкагында Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйыны өткөрүлүп, 11 стратегиялык документке кол коюлган.

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"