ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Министр Фидан : Израилдин газалыктарды сүрүп чыгаруу жана Батыш Шерианы аннексиялоо аракеттери кабыл
Тышкы иштер министри Фидан Хамас делегациясы менен жолугушту. Израилдин Газада палестиналыктарды ачка калтыруу аркылуу жүргүзгөн геноцид саясаты Нетаньяхунун ок атышууну токтотуу боюнча олуттуу эместигин көрсөткөндүгүн айтты.
Министр Фидан : Израилдин газалыктарды сүрүп чыгаруу жана Батыш Шерианы аннексиялоо аракеттери кабыл
/ AA

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Хамас Шура Кеңешинин төрагасы Мухаммед Исмаил Дервишке Израилдин Газадагы палестиналыктарды жерлеринен сүрүп чыгаруу жана оккупацияланган Батыш Шерианы аннексиялоо аракеттери кабыл алынгыс экендигин айтты.

ХАМАС делегациясы Газадагы гуманитардык жардамдын көлөмүнүн жетишсиз экендигин баса белгилеп, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Израилдин катаал позициясын сынга алды.

Фидан Израиль Газадагы элди ачка калтыруу аркылуу геноцид саясатын улантып жатканын айтып, мындай мамиле Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү ок атышууну токтотуу боюнча олуттуу аракет кылбай жатканын көрсөткөнүн кошумчалады. Өзгөчө Израилдин ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүн создуктуруп, элди көчүрүүгө мажбурлоону көздөп жаткандыгын белгиледи.

Фидан Түркиянын сүйлөшүүлөрдү улантууга колдоосун кайталап, эл аралык коомчулукта Палестинага колдоонун өсүп жатканын белгиледи. Ал айткандай коомдук пикирдин таасиринен улам барган сайын көп өлкөлөр Палестина мамлекетин таанып жатат жана Израиль эл аралык аренада күн өткөн сайын жалгыздап баратат.

Фидан Түркиянын Палестина доосуна болгон колдоосунун күчтүү бойдон улана тургандыгын баса белгиледи.

Эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газадагы катуу кол салууларын улантууда. Кол салууда 60 миңден ашуун палестиналыкт өлтүрүлдү. Тынымсыз бомбалоо аймакты кыйратып, азык-түлүк тартыштыгына алып келди.

Иликте
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди