Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы 26 аймакка таасир эткен селдерден улам 17 500 адам коопсуз аймактарга эвакуацияланды.
Уттар-Прадеш штатынын өкмөтүнүн билдирүүсүндө, селдердин кесепети тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө 26 аймактын селдерден жабыркаганы жана 17 миң 500 адам коопсуз аймактарга эвакуацияланганы кабарланды.
Ошондой эле селдерден адам өлүмү катталбаганы билдирилди.



















