ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Нигериядагы селден каза болгондор үчүн көңүл айтты
Нигерияда селден каза болгондордун саны 151ге жетти, 3000ден ашуун адам үй-жайсыз калды.
Түркия Нигериядагы селден каза болгондор үчүн көңүл айтты
Death toll in Nigeria floods rises to 151 / Reuters

Түркия Нигериянын Нигер провинциясында болгон селде каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

Тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү билдирүүсүндө: «Нигериянын Нигер провинциясынын Моква аймагындагы кыйраткыч суу ташкындарынын кесепетинен каза болгондор жана кыйроолор үчүн терең өкүнүчтүүбүз»,делди.

Билдирүүдө ошондой эле : «Өмүрлөрүнөн ажырагандардын үй-бүлөлөрүнө жана Нигерия калкына көңүл айтабыз»,-деп айтылат.

Нигериянын түндүк-борбор аймагындагы Нигер провинциясынын Моква шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам келип чыккан селден каза болгондордун саны 150дөн ашты. Нигер провинциясынын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Ибрахим Хусайни каза болгондордун саны 151ге жеткенин билдирди.

Хусайни :«Жалпысынан 3018 адам жер которгон, 503 кожолук жана 265 үй бул кырсыктан жапа чеккен. Үч калктуу конуш толугу менен суу астында калды»,-деди.

Нөшөрлөп жааган жамгыр үйлөрдү жана инфраструктураны, ошондой эле айрым жолдорду жана эки көпүрөнү талкалап кетти.илдирди.

Катуу жаан-чачын үйлөрдү жана инфраструктураны, анын ичинде жолдорду жана эки көпүрөнү жууп кетип, кеңири кыйроолорго алып келди.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады