ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Сомалинин чалгындоо кызматы террорго каршы операцияларда "Аш-Шабаб" тобунун 23 мүчөсүн жок кылды
Сомалинин Улуттук чалгындоо жана коопсуздук агенттиги (NISA) согушкерлердин жакында Хиршабелле штатында кол салууларды пландаштырганын жарыялады.
Сомалинин чалгындоо кызматы террорго каршы операцияларда  "Аш-Шабаб" тобунун 23 мүчөсүн жок кылды
Сомалинин чалгындоо кызматы террорго каршы операцияларда "Аш-Шабаб" тобунун 23 мүчөсүн жок кылды / Reuters

Сомалинин Улуттук чалгындоо жана коопсуздук агенттиги (NISA) шейшемби күнү берген билдирүүсүндө «Аш-Шабаб» террордук тобунун кеминде 23 согушкери жок кылынган төрт операциянын жүргүзүлгөнүн жарыялады.

NISAнын маалыматы боюнча, операциялар өлкөнүн эл аралык коопсуздук боюнча өнөктөштөрү менен координацияланып, түштүк-борбордук Хиршабелле штатынын Хираан жана Ортоңку Шабелле аймактарында жүргүзүлдү.

Агенттик террористтердин штаттын ичинде чабуулдарды баштоого даярданып жаткан учурда бутага алынганын билдирди.

«Бул алдын алуу операциялары NISAнын «Харижи» тобунун Махас шаарчасына жакын жайгашкан Ваб-вейн жана Гобо аймактарында согушкерлерди топтоп жаткандыгы тууралуу чалгындоо маалыматтары түшкөндөн кийин жүргүзүлдү», — деп билдирди NISA.

«Харижи» — бул Сомали өкмөтүнүн «Аль-Каида» менен байланышы бар «Аш-Шабаб» террордук уюмун аныктоо үчүн колдонгон термини.

Билдирүүгө ылайык, операциялар учурунда Хиран аймагындагы Мококори шаарчасындагы террорист лагери да жок кылынды. «Аш-Шабаб» 16 жылдан ашык убакыттан бери Сомали өкмөтүнө каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп, коопсуздук күчтөрүн, жетекчилерди жана жай тургундарды бат - бат бутага алууда.

Сомали армиясы, Африка Биримдигинин Сомалиге колдоо жана туруктуулук миссиясынын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Аль-Шабабга каршы операцияларын күчөттү.

Африка Биримдигинин миссиясынын мөөнөтү декабрь айында Британия колдогон чечим менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан дагы бир жылга, тактап айтканда, 31-декабрга чейин узартылды.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди