Түркия Республикасынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммити тууралуу билдирүү жасады.
"Түрк дүйнөсү - тарыхый эс тутуму жалпы болгон, кылымдар бою тил, маданият жана цивилизациялык мурас менен байланышкан кең бир туугандык географиясы болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул терең тамырлаган байланыштар Түрк мамлекеттер уюмунун чатырынын астында жалпы эркке, тилектештикке жана конкреттүү кызматташууга айланууда".
TМУнун Анкарадагы саммити жалпы келечегибизди калыптандыруу эркибиздин жана Түрк дүйнөсүнүн ортосундагы тилектештикти андан ары өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздүн маанилүү билдирүүсү экенин баса белгилеген Дуран: "Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында Түрк дүйнөсү менен мамилелерибизди ар бир тармакта өнүктүрүп келечекке карай бара жатабыз. Өтмүштөн алган күчүбүз аркылуу биз бир туугандыгыбызды келечек муундарга жеткире турган гүлдөгөн, күчтүү жана интеграцияланган Түрк дүйнөсү үчүн иштеп жатабыз", - деди.























