Түркия Сириядагы кагылышууларды улуттук коопсуздук приоритеттеринин алкагында тыкыр көзөмөлдөйт

Түркия Сириядагы кагылышууларды жарандарды коргоо жана мүмкүн болгон миграциялык кризистин алдын алуу үчүн көзөмөлдөп жатат.

By
YPG террорчулары Алепподогу акыркы зомбулук учурунда кеминде сегиз жай тургунду өлтүрүп, он миңдеген адамдарды жер которууга мажбурлашты. / Reuters

TRT World каналына маек курган түрк коопсуздук булактарынын айтымында, Түркия Сириядагы окуяларды кылдаттык менен көзөмөлдөп, өлкөнүн саясий биримдигине, аймактык бүтүндүгүнө жана борборлоштурулган мамлекеттик түзүлүшүнө артыкчылык берүүдө.

Булактар Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Түркиянын чек ара аймагындагы кагылышуулардын таасирин чектөөгө, Сириянын ичинен болушу мүмкүн болгон миграциялык агымдарды тыкыр көзөмөлдөөгө жана аймактагы жай тургундардын коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүүгө басым жасап жатканын билдирди.

Ошондой эле булактар Халеп шаарында, айрыкча күрт калкы жыш жайгашкан Шейх Максуд, Эшрефия жана Бени Зейд сыяктуу райондордо Сирия армиясы менен YPG күчтөрүнүн ортосунда болгон акыркы кагылышуулардын ушул алкакта каралып жатканын маалымдашты.

YPG — бул PKK террористтик уюмунун Сириядагы уландысы

Коопсуздук булактары YPGнын 10 - марттагы келишимге баш ийбеши менен чыңалуунун күч алганын билдирди. Уюмдун аракеттери макулдашуу аракеттерин алсыздатуучу деп мүнөздөлдү.

YPG террористтери Халептеги акыркы зомбулук окуяларында кеминде сегиз кишини өлтүрдү жана он миңдеген кишини жер котрууга мажбурлады.

Коопсуздук булактары Сирия өкмөтүнүн узак убакыт бою күч колдонбостон чечүү жолун издегенин, YPGга көптөгөн сунуштарды киргизгенин жана диалог каналдарын ачык кармаганын баса белгилеп: "Бирок YPG бул сунуштарды четке кагып, максималисттик позицияны кармануу менен убакыттан утушка аракет кылды", — деп билдиришти.

Согуш талааларында көзөмөлдү камсыз кылуу

Маалымат булактары кагылышуулардан кийин Сирия армиясынын Эшрефия жана Бени Зейд райондорун көзөмөлгө алганын, ал эми Шейх Максудда аскердик операциялардын уланып жатканын билдиришти.

Сирия армиясы Халептеги кагылышуу аймактарында бир тараптуу ок атышууну токтотуп, YPGге андан ары согуштун алдын алуу үчүн Евфрат дарыясынын чыгышына чегинүү жолун сунуштады.

Шамдын ок атышууну токтотуу тууралуу жарыясы АКШ жана Түркия тарабынан кан төгүүнүн жана миграция толкунунун алдын алуу каражаты катары кубатталды.

Анкара YPG террордук уюмунун Сирия армиясына каршы күрөшүндө жайкын тургундарды тирүү калкан катары колдонуу аракеттерин четке кагып, булактардын маалыматы боюнча, Сириядагы чыңалууну өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жана аймактык бүтүндүгүнүн алкагында тынчтык жолу менен чечүүнү жактап келет.

Бардык органдар даярдыкта

Булактардын маалыматы боюнча, Президент Режеп Таййип Эрдоган окуяларга тыкыр көз салууда; ал эми Улуттук Чалгындоо Уюму (MİT) АКШ жана Сирия бийликтери менен байланышта болуп, керектүү билдирүүлөрдү жеткирүүдө.

Окуялар Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коргоо министрлиги менен тыгыз координацияда көзөмөлдөнүүдө; булактар Улуттук Чалгындоо Уюмунун кызматкерлеринин жеринде күнү - түнү кызмат өтөп жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.

Түркия Сириянын туруктуулугу жана коопсуздугу өзүнүн коопсуздугунан айырмаланбай турганын дайыма баса белгилеп келет жана бардык тараптарды сабырдуулукка, диалогго чакырууда.

ККоопсуздук булактары Сириядагы күрттөрдүн өлкө жараны экенин жана алардын укуктарын коргоо Түркия үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилешти.

Булактардын маалыматы боюнча, Анкаранын жалпы максаты Сирияда туруктуу тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, аймактык бүтүндүгүн коргоо; Түркия YPGден Сириянын саясий биримдигине, коомдук ынтымагына жана интеграциясына салым кошо турган мамилени кабыл алышын күтүүдө.