ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Нөшөрлөгөн жамгыр Азия өлкөлөрү: Түштүк Корея, Кытай жана Тайванды таасири астына алды
Жетекчилер аймактын тургундарын куткарууга жана жскирген селден коргонуу системаларын бекемдөөгө аракет кылып, Азиянын чыгыш аймагындагы катуу жаагана муссон жамгырлары баш аламаедыкка жол ачты.
Нөшөрлөгөн жамгыр Азия өлкөлөрү: Түштүк Корея, Кытай жана Тайванды таасири астына алды
/ AFP

Чыгыш Азияда нөшөрлөп жааган муссон жамгырлары Түштүк Кореяда, Кытайда жана Тайванда миңдеген адамды жер которууга мажбурлап, адамдардын өлүмүнө алып келип, аймакта баш аламандык жаратты.

Түштүк Кореянын түштүк аймактарында катуу сел жана жер көчкү жүрүп, 2500дөн ашуун адам эвакуацияланды. Yonhap маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана коопсуздук боюнча борборуна шилтеме берүү менен билдиргенине караганда Бусан, Кваңжу, Түштүк Чунчонг, Түштүк Чолла, Түндүк Кёнсан жана Түштүк Кёнсан сыяктуу алты ири шаар жана провинцияда жалпысынан 2523 адам коопсуз аймактарга баш калкалады.

Түштүк-батыштагы Муан округу катуу жабыркаган аймак болуп : жекшемби күнү түн жарымынан дүйшөмбү күндүн таңына чейин 289.6 миллиметр (11.4 дюйм) жамгыр жаады. Муанда бир дарыядан 60 жаштагы эркек кишинин табылды, бирок жетекчилер анын өлүмү жамгырга байланыштуу бу же жокпу аныктоого аракет кылышууда.

Кореянын метеорологиялык башкармалыгы өлкө боюнча катуу жамгыр жаай турганын болжолдоп, Түштүк Кёнсан жана ага чектеш аймактарда жаан-чачындын уланарын билдирди. Жамгыр айрым аймактарда ысык толкундардын басаңдашына жардам берип, температуранын 29°Cден 34°Cге өзгөрүшү мүмкүн экендиги күтүлүүдө.

Пекинде өлүмгө алып келген сел

2012-жылдан берки эң коркунучтуу суу ташкынында ондогон адам каза болгондон бир жума өткөндөн кийин, Пекин шаар тургундарын тоолуу аймактарда катуу жамгыр жаашына карата даяр болуу боюнча эскертти.

Метеорологдор түштөн кийинки алты сааттын ичинде Пекиндин айрым аймактарына 200 ммге (7,9 дюйм) чейин жаан жаашы мүмкүн экендигин айтышты.

Эскертүү бийликтердин эскилиги жеткен селден коргонуу системаларын бекемдеп, аба ырайын божолдоону жакшыртуу жана эвакуация пландарын жаңыртып жаткан учурда берилди. Өлкө боюнча сел сууларынан каза болгондордун сөөктөрү табылып жатканы тууралуу маалыматтардын арасында Хэбэй провинциясындагы ден соолукту чыңдоо лагеринде кеминде үч адамдын каза болгону кабарланды.

Өткөн айдын акырында Пекинде бир нече күн бою нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин кеминде 44 адам каза болгон. Каза болгондордун көбү шаардын түндүк-чыгышындагы Миюн районундагы карылар үйүндө суунун тез көтөрүлүшүнө даяр эмес адамдар болгон. Бул кишилердин каза болушу жетекчилерди аба ырайына карата экстремалдык даярдык боюнча пландарындагы кемчиликтерди моюнга алууга алып келди.

Тайванда рекорддук жамгыр

Өткөн аптада Тайвандын айрым аймактарында эки метрден ашык жааган жамгырдын кесепетинен 4 адам каза болуп, борбордук жана түштүк аймактарда сел жана жер көчкү жүрдү.

Табигый кырсыктар боюнча жетекчи: "Аба ырайынын катаалдыгынан төрт адам каза болуп, үчөө дайынсыз жоголду, 77 адам жаракат алды",- деп билдирди.

Премьер Чо Жунг-тай дүйшөмбү күнү түштүктөгү Тайнань шаарында селден жабыркаган аймакка барып: "Мындай масштабдагы кырсыкар бизде сейрек кездешет. "Данас" тайфунунан бери дээрлик бир ай бою тынымсыз катуу жаан-чачын менен күрөшүп келдик",- деди.

28-июлдан бери нөшөрлөп жааган жамгыр аралдын көптөгөн жерин таасири астына алып, болжол менен 6000 кишини баш калкалоочу жай издөөгө мажбурлады, жолдор бузулуп, кеңселер жабылды. Борбордук Аба ырайы башкармалыгынын (CWA) синоптиги Ли Минг-сианг өзгөчө нөшөрлөгөн жамгырга төмөнкү басым системасы жана күчтүү түштүк-батыш шамалынын себеп болгонун билдирди.

CWA өткөн айда аралдагы жаан-чачындын орточо көлөмү 1939-жылдан бери июль айындагы эң жогорку көрсөткүч болгонун белгиледи. Мамлекеттик синоптик жакынкы күндөрү жаан-чачындын азайышы күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды