САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Европа Данияны колдойт жана Трамптын Гренландияны көзөмөлгө алуу аракетин четке кагат
Президент Трамптын башкы жардамчысы эч бир өлкө Гренландия боюнча Вашингтон менен кагылышпай турганын ырастаса, Европанын лидерлери Гренландиянын өз келечегин, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн аныктоо укугун баса белгилешти.
Европа Данияны колдойт жана Трамптын Гренландияны көзөмөлгө алуу аракетин четке кагат
Даниялык аскерлер Гренландиядагы Кангерлуссуакта өткөн аскердик машыгуу учурунда потенциалдуу коркунучтарды издөөгө машыгып жатышат. / Reuters
7 Январь 2026

Дүйшөмбү күнү бир катар Европа өлкөлөрү Дания менен Гренландияны бекем колдоп, арал мамлекетинин келечеги тышкы күчтөр тарабынан аныкталышы мүмкүн деген ар кандай божомолдорду четке кагып, АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүлөрүнөн кийин анын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоо зарылдыгын баса белгилешти.

Трамп Дания Падышачылыгынын автономдуу бөлүгү болгон Гренландияны көзөмөлгө алууну бир нече жолу каалаганын билдирген жана муну аскердик күч менен жасоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган эмес.

Венесуэлада Николас Мадурону кармап кеткен АКШнын аскердик операциясынан бир күн өткөндөн кийин, Трамп жекшемби күнү АКШнын коопсуздук кызыкчылыктары үчүн Гренландияны Американын көзөмөлүнө алуу чакырыгын кайталады. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Трампка «коркутууларын токтотуусун» деп айтты.

Скандинавия жана Балтика лидерлери биринчилерден болуп реакция кылышты.

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон X сайтындагы билдирүүсүндө «Дания менен Гренландияга байланыштуу маселелерди чечүү укугу Дания менен Гренландияга гана таандык» деп билдирди жана Швеция Данияны «толук колдойт» деп кошумчалады.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор Норвегия Данияны «толук жана кемчиликсиз» колдой турганын, ал эми Финляндиянын президенти Александр Стубб «Гренландия менен Даниянын тагдырын Даниядан башка эч ким аныктай албайт» деп билдирди.

Исландиянын премьер-министри Криструн Фростадоттир да ушул сыяктуу билдирүү жасап, «Гренландиясыз Гренландия жөнүндө эч нерсе кылууга болбойт» деп билдирди.

Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич X баракчасында Данияны «күчтүү демократия» жана «ишенимдүү» НАТО өнөктөшү деп мүнөздөдү; Гренландия Дания Королдугунун ажырагыс бөлүгү экенин айтып, АКШнын мыйзамдуу коопсуздук муктаждыктарын Дания менен түз диалог аркылуу жана жамааттык коргонуунун алкагында чечүүгө болорун кошумчалады.

Бир тараптан Эстония парламентинин тышкы иштер комитетинин башчысы Марко Миккельсон Гренландия менен Дания гана өз келечегин жана коопсуздугун чече аларын айтты.

Германия дагы бул маселе боюнча эскертүү бер өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Себастьян Хилле Гренландия Данияга таандык экенин жана чек араларды «күч менен өзгөртүүгө болбой турганын» билдирди.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Дания жана Гренландия менен тилектештик билдирип, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо «сүйлөшүүгө жатпайт» деп билдирди.

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Гренландиянын келечегин бир гана Гренландия жана Дания Королдугу аныкташы керектигин баса белгилеп, Даниянын жакын европалык жана НАТОлук өнөктөш катары ролун баса белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Даниянын премьер-министри Трампты Гренландияны аннексиялоо коркутуусунан баш тартууга чакырды

Европа Биримдиги дагы колдоосун кайталады. Европа Комиссиясынын өкүлү Анитта Хиппер журналисттерге блок улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоону уланта берерин айтты. Дагы бир басма сөз катчысы Паула Пиньо Гренландия НАТОнун өнөктөшү экенин жана муну АКШнын акыркы башка аракеттери менен салыштырууга болбой турганын баса белгиледи.

Пиньо Венесуэладагы АКШнын акыркы аскердик операциясына токтолуп: «Бул абдан чоң айырма. Ошондуктан биз толугу менен Гренландиянын тарабындабыз жана муну менен бул жерде болуп жаткан окуялардын ортосунда эч кандай салыштыруу көрбөйбүз», - деди.

Франция дагы тилектештигин билдирди, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Паскаль Конфаврё «чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбойт» деп билдирди.

Австриянын тышкы иштер министри Беате Майнл-Райзингер X сайтындагы билдирүүсүндө Гренландияга каршы «коркунучтар жана аннексия кыялдары» кабыл алынгыс экенин билдирип, алар Гренландия эли менен «толук тилектештикте» экенин баса белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Гренландия Трамптын талапкер болгон аралды алуу үчүн берген убадасын четке какты

Трамптын жардамчысы: Гренландиянын келечеги үчүн бир дагы өлкө АКШ менен аскердик күрөш жүргүзбөйт» 

Ошол эле учурда, Трамптын улук жардамчысы дүйшөмбү күнү эч бир өлкө Гренландиянын келечеги үчүн АКШ менен аскердик тирешүүгө барбай турганын билдирди.

Ак үйдүн аппарат башчысынын орун басары Стивен Миллер CNN телеканалына берген маегинде АКШнын Гренландияга болгон кызыгуусу куралдуу кагылышууга алып келет деген ойду четке какты.

Гренландияга каршы аскердик аракеттердин болушу мүмкүнбү деген суроого Миллер бул маселени кайра карап чыгып, маселе Гренландиянын өзү менен беттешүүсү жөнүндө эмес экенин айтып, «Бул, Гренландияга каршы аскердик операция болбойт. Гренландиянын калкы 30 000 адам. Бул жерде чыныгы суроо туулат, Дания кайсы укук менен Гренландияны көзөмөлдөйт? Алардын аймактык дооматтарынын негизи эмнеде? Гренландияны Даниянын колониясы катары сактап калышынын негизи эмнеде?»,- деп билдирди.

Гренландия - Дания Королдугунун ичиндеги автономдуу аймак жана АКШнын НАТО боюнча өнөктөшү. Бул келишимге шек келтирип жатып, Миллер Гренландиянын Арктикадагы стратегиялык баалуулугун баса белгилеп, ал АКШнын жана НАТОнун коопсуздук кызыкчылыктары үчүн маанилүү экенин билдирди.

Миллер: «АКШ - НАТОнун күчү. АКШнын Арктика аймагын коопсуздандыруу, НАТОнун жана НАТОнун кызыкчылыктарын коргоо үчүн Гренландия АКШнын курамында болушу керек, ошондуктан бул биз үчүн улут катары талкуулана турган маселе», - деди. 

Гренландияны басып алуу үчүн АКШнын аскердик күчүн колдонууну толугу менен жокко чыгара алабы же жокпу деген суроо кайра суралганда, Миллер бул маселени аскердик жактан чечүүдөн баш тартып: «Гренландия АКШнын курамында болушу керек. Сиз сурап жаткан контекстте, аны аскердик операциялардын контекстинде карап чыгуунун же талкуулоонун да кажети жок. Гренландиянын келечеги үчүн эч ким АКШ менен аскердик жактан күрөшпөйт»,-деп, куралдуу чыр-чатактар ​​реалдуу эмес экенин билдирди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп Гренландияны каратып алуу үчүн аскердик кийлигишүүнү четке каккан жок
Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү