ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Полиция: Индияда мектептин чатыры кулап, жети бала каза болду
Ражастан штатында болгон окуяда көп окуучунун чатырдын уранды астында болушунан тынчсыздануулар болууда.
Полиция: Индияда мектептин чатыры кулап, жети бала каза болду
/ Reuters
25 Июль 2025

Полициянын маалыматы боюнча, жума күнү Индиянын батышында мамлекеттик мектептин чатыры жана дубалдарынын бир бөлүгү урап, кеминде жети бала каза болуп, 26 бала жараат алган.

Ражастан штатынын полиция кызматкери Нанд Кишор Франс Пресс агенттигине: "Ушул убакка чейин жети бала каза болуп, 26 адам жарадар болду",- деп билдирди.

Кырсык штаттын борбору Жайпурдан 322 чакырым алыстыктагы Жалавар районундагы бир кабаттуу имаратта болгон. Ошол учурда имараттын ичинде 60ка жакын окуучу жана мугалимдер менен кызматкерлер болгон.

Кишордун айтымында, имарат жума күнү эртең менен окуучулар сабакта отурган убакта кулаган.

Окуя болгон жерге айыл тургундары келип, жаракат алган балдарды куткарып, эң жакын медициналык мекемеге алып барышты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, буга чейин авариялык абалда болгон имарат боюнча көптөгөн даттануулар түшкөн. Мындан тышкары, бул аймакта акыркы бир нече күндөн бери нөшөрлөгөн жаан таасирдүү болду.

Жергиликтүү маалымат булактарынын айтымында, 8 жаштан 11 жашка чейинки балдар каза болгон. Жабыркаган окуучулардын экөөнүн абалы оор.

Телевидение жаңылыктарында оор техниканын урандыларды жана бетон сыныктарын алып жатканы көрсөтүлдү.

Премьер-министр Нарендра Моди каргашалуу окуяга терең кайгыруу менен, премьер-министрликтин X платформасында жасаган билдирүүсүндө: "Мен бул оор мезгилде жабыр тарткан окуучулар жана үй-бүлөлөрү менен биргемин. Жараат алгандардын бат айыгып кетишин каалаймын. Бийлик жабыркагандарга бардык жардамдарды көрсөтүүдө",- деди.

Ражастан штатынын билим берүү министри Мадан Дилавар бул "өкүнүчтүү" окуянын себебин иликтөө үчүн тергөө башталарын билдирди.

"Мен бүгүн бул окуянын эмне себептен болгонун билүү үчүн жогорку деңгээлдеги иликтөө иштерин баштайм",- деген Дилавар жана жергиликтүү бийлик жабыркаган окуучуларды "дарылоо үчүн чара көрүп жатканын" кошумчалады.

Индиядагы мамлекеттик мектептер каржылоонун өнөкөт жетишсиздигине туш болууда. Окуучулар мугалимдердин жоктугу, талкаланган имараттар жана таза ичүүчү суу же даараткана сыяктуу негизги шарттардын жоктугу сыяктуу көйгөйлөр менен даттанышууда.

Акыркы жылдары шаар жерлеринде абал жакшырганы менен Индиянын айыл жеринде өзгөрүү жай жылып баратат.

Иликте
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Каирде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, Израиль Газага дагы кол салды
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти