МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
TRT Академия жана COPEAM кызматташтагында спорттук берүүлөрдүн келечеги талкууланат
Программа 2026-жылдын 29-30-январында ТРТнын Башкы директорлугунда COPEAM кызматташтыгында өтөт.
TRT Академия жана COPEAM кызматташтагында спорттук берүүлөрдүн келечеги талкууланат
ТРТ Академия / TRT
26 Январь 2026

TRT Академия спорттук берүүдөгү кеңири тажрыйбасын санариптик доордун динамикасы менен айкалыштырган маанилүү окутуу программасын баштап жатат. "Спорттук берүү: Берүүдөн санарипке" деп аталган программа 2026-жылдын 29-30-январында ТРТнын Башкы директорлугунда COPEAM кызматташтыгында өтөт. Бул комплекстүү программа салттуу спорттук комментаторлукту заманбап санариптик көрүүчү күтүүлөрү менен бириктирүүнү көздөйт.

Теориядан практикага чейинки кеңири мазмун

Эки күндүк окутуу катышуучуларга эл аралык мекемелердин берүү процесстерин жана санариптик платформаларда мазмун өндүрүүнүн негизги аспектилерин сунуштайт. Программанын биринчи күнү Олимпиада жана Дүйнөлүк кубок сыяктуу ири иш-чараларда даярдык көрүү, координация жана берүү ыкмаларына багытталат. Экинчи күнү толугу менен санариптик дүйнөгө басым жасалат, тасма тартуу, интервью алуу, монтаждоо жана социалдык медиа стратегиялары боюнча практикалык колдонмолор ишке ашырылат.

Келечектин спорттук телерадиоберүүчүлөрүн окутуу

Программанын негизинде катышуучуларды салттуу медиа баалуулуктарын жоготпостон заманбап санариптик платформаларга ыңгайлашуу көндүмдөрү менен камсыз кылуу максатталууда. Окутуу процессинде студенттер ТРТнын телерадиоберүү тарых музейине жана ТРТ жаңылыктар студияларына барып, өз көзү менен көрүшөт. Программа ийгиликтүү катышуучуларга катышуу сертификаттарын тапшыруу менен аяктайт.

Иликте
Эфиопияда жер көчкү кырсыгынан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Трамп: АКШ Ирандын Харг аралын бомбалады
Президент Эрдоган: «Түркияны согушка тартууну көздөгөн чагымчылыктарга каршы сергек болушубуз керек»
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы: Согушка карабастан Ирандан чоң көч жок
Baykar менен Leonardo  Европада өндүрүлө турган дрондор үчүн кызматташтыкты кеңейтет
Тышкы иштер министри Фидан катарлык жана азербайжандык кесиптештери менен сүйлөштү
Израиль Газада үч палестиналыкты өлтүрүп, ок атышууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузду
Ирактагы май куюучу учак кырсыкка учурап, Америка экипажынын төрт мүчөсү каза болгону тастыкталды
Түрк желектүү кеме Ормуз  кысыгынан өттү
Ирандан түрк аба мейкиндигине атылган баллистикалык ракетаны НАТО жок кылды
Пакистандын премьер-министри Шариф өз өлкөсүнөн Сауд Арабияга "толук колдоону" убада кылды
Сербия Хорватия-Албания-Косово альянсына каршы даярданууда
Гутерриш: Жакынкы Чыгыш АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам орчундуу абалда
Россия дүйнөлүк энергетика рыногунун орус мунайына муктаж экенин айтууда
Президент Эрдогандан БУУнун Башкы катчысы Гутерришке "Ататүрк" эл аралык тынчтык cыйлыгы