ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган : Декабрь айынан бери 200 миң сириялык качкын үйлөрүнө кайтты
«Сирия калыбына келе баштаган сайын кайткандардын саны ылдамдай баштады», - деди Режеп Тайип Эрдоган.
00:00
Президент Эрдоган : Декабрь айынан бери 200 миң сириялык качкын  үйлөрүнө кайтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн жылдын 9-декабрынан бери Түркиядан өз мекенине кайткан сириялыктардын саны 200 миңге жеткенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү Түркия кылымында  Миграцияны башкаруу деген темадагы иш – чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Түрдүү кыйынчылыктарга, бөгөттөргө жана саботаждарга карабастан Сирия акырындык менен калыбына келе баштады»,- деди.

«Сирия калыбына келген сейин кайткандардын саны да ылдамдай баштады»,- деп кошумчалады.

Эрдоган Түркиянын акыркы кылымдын эң чоң гуманитардык сыноолорунун биринен ийгиликтүү өткөнү үчүн сыймыктангандыгын айтты.

“Учурда дүйнө калкынын 3,6% мигрант катары жашап жатат”

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда учурда дүйнө жүзү боюнча 281 миллиондон ашуун мигрант бар экенин баса белгилеген Эрдоган, эмгек мигранттарынын саны 165 миллиондон ашканын кошумчалады.

Согуштардын кесепеттеринен акыркы 3-4 жылда качкындардын саны 120 миллионго жеткенин белгилеген Эрдоган : «Маалыматтар кагылышуу, зулумчулук же террордун айынан мүнөт сайын кеминде 20 кишинин көчүүгө мажбур болгонун көрсөтүүдө»,-деди.

Учурда дүйнө калкынын 3,6 пайызынын мигрант катары жашаганын баса белгилеген Эрдоган, согуштардын узакка созулушу, кризистердин чечилбеши, климаттык өзгөрүүнүн таасири тереңдегендиктен бул көрсөткүчтөрдүн эселеп өсүп жатканын билдирди.

Түркия 4 миллион сириялыкты кабыл алды

“Көчүүгө негизинен Батыш державаларынын саясаты мажбурлап жатат, бирок жүктү бөлүшүү маселесине келгенде алардын бири да көрүнбөйт,” – деген Эрдоган дүйнөдөгү качкындардын 75 пайызы бай өлкөлөрдө эмес, кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөрдө жашап жаткандыгын белгиледи.

Түркия 13 жылдык Сириядагы жарандык согуш учурунда башка бардык өлкөлөргө караганда көбүрөөк, болжол менен 4 миллион сириялыкты кабыл алды.

Сирияны дээрлик 25 жыл башкарган Башар Асад декабрь айында  Россияга качты  жана 1963-жылы башталган Баас партиясынын көптөгөн жылдык башкаруусун акырына чыгарды.

 Январь айынын аягында мурдагы Конституция, коопсуздук кызматтары, куралдуу топтор, парламент жана Баас партиясы таратылып убактылуу өкмөт курулду.

25 жыл бою Сирияны башкарган Башар Асад декабрь айында Орусияга качып, 1963-жылы башталган Баас партиясынын көп жылдык бийлиги аяктады.

Январь айынын аягында өткөөл администрация түзүлүп, эски Конституция, коопсуздук кызматтары, куралдуу топтор, парламент жана Баас партиясы жоюлду.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды