САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Нетаньяху газалыктардын “тандоо эркиндигине” ээ болушу керектигин айтты
Израилдин премьер-министри Газадан мажбурлап көчүрүү пландары тууралуу кабарларды четке кагып, АКШнын президенти Трамп менен Газа темасында «жалпы максат жана стратегияны» бөлүшкөнүн билдирди.
Нетаньяху газалыктардын “тандоо эркиндигине” ээ болушу керектигин айтты
Netanyahu says Palestinians should have 'freedom of choice' to leave Gaza / AP

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы палестиналыктардын кааласа аймактан чыгып кетүү темасында "эркин эркке ээ болушу керектигин" айтты, бирок Израиль же АКШ аларды күч менен көчүрүүгө аракет кылып жатат деген дооматтарды четке какты.

Капитолийде журналисттерге берген маалыматында Нетаньяху, айрым маалымат каражаттарында анын жана АКШнын президенти Дональд Трамптын Газадан палестиналыктарды чыгарып салуу пландарын колдоп жатканы тууралуу кабарларды четке какты.

Нетаньяху: "Мен силерге медианы таң калтыра турчу бир нерсени айткым келет. Президент Трамп экөөбүздүн жалпы максатыбыз бар", – деди.

Нетаньяху бул жалпы максатты израилдик туткундарды бошотуу, ХАМАСтын башкаруусун токтотуу жана Газанын Израилге коркунуч жаратпашын камсыздоо деп атады.

"Бул жалпы максатты ишке ашырууда бизде орток стратегия бар. Орток стратегия гана эмес, жалпы тактикаларыбыз да бар. Бул эч кандай кысым же мажбурлоону камтыбайт. Толук координацияны камтыйт", – деди.

Бул билдирүүлөр Трамптын Нетаньяхуну Ак үйдө кабыл алганынан бир нече күн өткөндөн кийин айтылды. Алар аймактык маселелерди, анын ичинде ок атышууну токтотуу аракеттерин жана Газанын келечегин талкуулашкан.

Жолугушуу учурунда Трамптан палестиналыктарды көчүрүү планы дагы деле каралып жатабы деп суралды. Трамп коңшу өлкөлөр палестиналыктарды кабыл алуу темасында "чоң кызматташтыкты" көрсөткөнүн айтты.

Нетаньяху "бир канча өлкөлөрдү табууга жакындап калышканын" жана Газадан чыгып кетүүнү каалаган палестиналыктарга мындай мүмкүнчүлүк берилиши керектигин баса белгилеп: "Биз эч кимди күч менен чыгарган жокпуз", – деди.

"Менимче, бул президент Трамптын сунушу эмес. Анын сунушу – аларга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү. Палестиналыктар тандоо эркиндигине ээ болушу керек" деп кошумчалады.

Израилдин Газадагы геноциди

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада геноцид кылып келет.

Палестиналыктар, көбү аялдар жана балдардан турган 57 миң 500дөн ашуун палестиндин каза тапканын билдиришти.

Палестинанын расмий WAFA кабар агенттигинин маалыматына караганда, 11 миңдей палестиналык кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калды.

Бирок адистер каза болгондордун чыныгы саны Газадагы жетекчилер билдиргенден алда канча көп 200,000ге жакын деп болжолдошот.

Вашингтон өзүнүн узак мөөнөттүү өнөктөшү Израилге жыл сайын $3.8 миллиард аскердик жардам бөлүүдө.

2023-жылдын октябрынан бери АКШ Израилдин Газадагы геноциди жана коңшу өлкөлөрдөгү согуштарын колдоо үчүн $22 миллиарддан ашуун каражат сарптады.

АКШнын жогорку даражалуу аткаминерлери Израилди Газадагы жайкын тургундардын өлүмү үчүн сындашса да, Вашингтон курал-жарактарды өткөрүүгө шарт коюу чакырыктарына азырынча каршылык көрсөтүп келет.

Ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка каршы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерин чыгарган.

Мындан тышкары, Израилдин Палестинага каршы жүргүзгөн аскердик операциясына байланыштуу Түштүк Африканын Эл аралык адилет сотуна берген арыз доосу да Израилдин күн тартибинде.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"