ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
АКШ Израиль жана АКШ иштери боюнча Эл аралык Кылмыш Сотунун төрт судьясына санкция салды
Вашингтон, Нетаньяхуга камакка алуу ордеринин чыгарылышы жана Эл аралык кылмыш сотунун АКШнын Афганистандагы аракеттерин иликтөөсүнө байланыштуу чечимдеринен кийин, аталган соттун судьяларынын өлкөгө кирүүсүнө жана активдерине бөгөт койду.
АКШ Израиль жана АКШ иштери боюнча Эл аралык Кылмыш Сотунун төрт судьясына санкция салды
6 Июнь 2025

Америка Кошмо Штаттары Эл аралык кылмыш сотундагы төрт судьяга, анын ичинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга карата чыгарылган камакка алуу ордерине байланыштуу, санкцияларды киргизүү менен бул акыркы инстанциядагы сотту алсыратууга болгон басымын күчөттү.

АКШ өкмөтү Гаагада иштеген жана баары аял болгон төрт Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) судьясына карата жаңы санкцияларды жарыялады. Бул судьялардын Америка Кошмо Штаттарына кирүүсүнө тыюу салынып, дүйнөдөгү эң ири экономика болгон АКШдагы мүлктөрү жана башка каржылык кызыкчылыктары тоңдурулат.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио бул тууралуу билдирүү жасап:
"АКШ өз эгемендүүлүгүн, Израилдин эгемендүүлүгүн жана башка союздаш мамлекеттерди ЭКСтин мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон бардык кадамдарды жасоого даяр”,- деди.

“Эл аралык кылмыш сотун колдогон өлкөлөрдү, алардын эркиндиги көп учурда америкалык курмандыктардын эсебинен камсыздалганын эске алып, биздин өлкөгө жана Израилге каршы бул уятсыз чабуулга каршы күрөшүүгө чакырам,” – деп кошумчалады Рубио.

Сот буга дароо жооп кайтарып буларды билдирди: “Бул чаралар 125 мамлекеттин мандаты менен иштеген эл аралык соттун көз карандысыздыгын алсыздандырууга болгон ачык аракет.”

Согуштук кылмыштар

Адам укуктарын коргоо уюму башка мамлекеттерди да үнүн чыгарууга жана 2002-жылы дүйнөдөгү эң оор кылмыштардан жооптуу адамдарды соттош үчүн түзүлгөн Эл аралык соттун көз карандысыздыгын ырастоого чакырды.

Укук коргоочу топтун эл аралык юстиция директору Лиз Эвенсон санкциялардын:"Израиль жана Палестинада жасалган оор кылмыштарды жана АКШнын Газадагы шериктештиги менен Израилдин мыкаачылыктары күчөп бараткандыктан, Эл аралык кылмыш сотун жоопкерчиликтен баш тартууга багытталган",- деди.

Санкцияга кабылган судьялардын экөө, словениялык Бети Хохлер жана Бенинден Рейн Алапини-Гансоу өткөн жылдын ноябрь айында Нетаньяхуну камакка алуу буйругун чыгарган процесске катышкан.

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галланттын Газа тилкесиндеги кыргын учурунда "ач калтыруу" ыкмасын согуш ыкмасы катары колдонгон аракеттерине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин билдирип, бул боюнча "негиздүү себептердин бар экендигин" билдирди.

Израиль бул айыптоолорду, анын ичинде Эл аралык сотто Түштүк Африка тарабынан көтөрүлгөн геноцид боюнча айыптоолорду, катуу сынга алып, четке какты.

Санкцияга кабылган башка эки судья, Перудан Луз дель Кармен Ибаньес Карранза жана Угандадан Соломи Балунги Босса, АКШ күчтөрүнүн Афганистандагы согуш учурунда согуш кылмыштарын жасаган деген айыптоолор боюнча иликтөөгө уруксат берген процесске катышкан.

Катуу линияга кайтуу

АКШ да, Израиль да Эл аралык кылмыш сотун түзгөн Рим статутуна мүчө эмес.

Бирок АКШнын дээрлик бардык батыштык союздаштары, Япония, Түштүк Корея, Латын Америкасынын көпчүлүк бөлүгү жана Африканын бир топ өлкөлөрү бул статутка мүчө болуп саналат жана теориялык жактан алганда, айыпталуучулар алардын аймагына келгенде камакка алууга милдеттүү.

Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө Афганистан боюнча иликтөөлөр үчүн Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокуроруна санкция киргизген.

2020-жылы Трамп жеңилгенден кийин, ошол кездеги президент Жо Байден сотко карата жумшак мамиле кылып, ар бир иш боюнча өзүнчө кызматташкан.

Рубиодон мурунку мамлекеттик катчы Энтони Блинкен санкцияларды жокко чыгарып, Израилге карата соттун позициясын сынга алуу менен бирге Россиянын Украинаны басып алуусу боюнче териштирүүдө сот менен бирге иштеген.

2023-жылы Эл аралык кылмыш сотунун судьялары Россиянын президенти Владимир Путинге согуш учурунда украиналык балдарды массалык уурдоо боюнча айыптоолор менен камакка алуу буйругун чыгарган.

Иликте
Кытай Нидерландияны Nexperia боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырды
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат