ТThe Wall Street Journal гезитинин АКШнын расмий өкүлдөрүнө жана бул маселеге жакын булактарга шилтеме жасап жазганына караганда, Трамптын администрациясы демократ конгрессмен Илхан Омарга карата кеңири федералдык иликтөө жүргүзүп, анын жарандыгын жокко чыгарууну жана акырында аны депортациялоону көздөөдө.
Бул көп кырдуу иликтөө Сомалиден качкын бала катары АКШга келген Омардын АКШнын жарандыгын кантип алганына багытталууда. Тергөө Омардын арыз документтерин жана 1995-жылы Кениядагы качкындар лагеринен АКШга үй-бүлөсүн алып келген маркум атасы Нур Омар Мухаммеддин ишмердүүлүгүн текшерүүдө.
Тергөөнүн өзөгүндө анын жашы жарандык документтеринде 18 эмес, 17 деп көрсөтүлгөнбү же жокпу деген маселе турат. Эгерде анын жашы өзгөртүлсө, бул Омарга 2000-жылы атасы аркылуу автоматтык түрдө жарандык алууга мүмкүндүк берген болушу мүмкүн.
Ишти иликтеген органдар Омардын уюлдук телефонун, жеке компьютерлерин, дептерлерин жана паспортун тартып алышты.
Ошондой эле алар Омардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, жеке адамдарга көптөгөн чакыруу кагаздарын жөнөтүп, аларды Миннесота штатындагы федералдык чоң калыстар тобунун алдында көрсөтмө берүүнү талап кылышты.
Илхан Омар тинтүүнү жана кеңири тергөөнү катуу сынга алып, аны оппоненттерин коркутуу үчүн "авторитардык аракет" деп атады.
X платформасы аркылуу жарыяланган билдирүүсүндө Омар: "Эч шексиз бул саясий оппоненттерди бутага алуу жана федералдык укук коргоо органдарын курал катары колдонуу аракети", - деди жана "менин оозумду баса алышпайт" деп кошумчалады.



















