САЯСАТ
4 мүнөт окуу
Ливан жаңы лидерлик менен Хизбулланын таасиринен кутулдубу?
Жаңы президент Жозеф Аун “Хизбулланын” жактоочусу эмес, ал ал эми премьер-министрликке дайындаган Наваф Салам курал алып жүрүүгө мамлекеттин гана укугу бар экенин баса белгиледи.
00:00
Ливан жаңы лидерлик менен Хизбулланын таасиринен  кутулдубу?
Жаңыдан шайланган Ливан президенти Жозеф Аун
16 Февраль 2025
ТийиштүүTRT Global - Has Lebanon shed Hezbollah’s influence with new leadership in place?

Жозеф Аундун Ливандын президенти болуп шайланышы жана анын Наваф Саламды премьер-министрликке  тандаганы өлкөнүн коомунда жана саясатында көптөн бери эбегейсиз  таасири бар шиит куралдуу тобу Хизбулланын күчү азайып баратканын көрсөтөт.

Бул окуялар Иран колдогон "Хизбулланын" көп жылдардан берки лидери Хасан Насралланы Израиль өлтүргөндөн кийин жана анын миңдеген мүчөлөрүн бутага алган кыйраткыч чабуулдардан кийин экзистенциалдык кризиске туш болуп жаткан учурга туура келди.

 Жосеф Аундун шайлануусу

Аундун шайлануусу 2022-жылдан бери парламенттеги келишпестиктен улам бош калган кызмат ордун толтурду жана өлкөнүн алдыңкы саясий ишмерлеринин өлкөнүн келечеги үчүн эрежелерди жумшартууга даяр экенин көрсөттү.

Ливандын конституциясы боюнча аскер командиринин президент болушу мүмкүн болбосо да, Жер ортолук деңиздеги өлкөнүн саясий чөйрөлөрү Аундун бул кызматка ылайыктуулугунан шек санашкан жок. Ливандын тарыхы жана диний топтору боюнча эксперт Туба Йылдыздын айтымында, бул жагдай «чоң жакшылык үчүн» унчукпай кабыл алынды.

2017-жылдан бери өлкөнүн талкаланган расмий куралдуу күчтөрүн жетектеген жаңы президент Ливандын мурдагы колонизатор мамлекеттери АКШ жана Франция, ошондой эле Сауд Арабиясы менен жакшы мамиледе.

Аун Ливандын фракциялык саясий системасына ылайык, өзүнөн мурункулар сыяктуу эле марониттик христиан. Бирок, Йылдыздын айтымында, Аундун мурункулардан олуттуу айырмачылыктары бар.

 

Хизбулладан  алыстык

Аундун «Хизбулла» жана анын өнөктөштөрүнөн алыстыгы аны шииттер тобу менен да, Сириянын кулатылган лидери Башар Асаддын режими менен да терең байланышы бар мурдагы Мишель Аун сыяктуу президенттерден айырмалап турат.

 Айтмакчы, Жозеф Аун менен Мишель Аун бир фамилияга ээ болгон менен  туугандык байланышы жок.

Йылдыздын айтымында, бул жогорку кызматка армия командиринин тандалышында Иран жана Хизбулланын ишенимдүү өнөктөшү болгон Асад режиминин кулатылышы таасирдүү болду.

Йылдыз TRT World каналына берген маегинде: «Ливанда жарандык согуштан бери шайланган президенттердин көбү Сириянын Баас режиминин макулдугу менен шайланды»,- деди.

Мазхабдык  саясат жана Наваф Саламдын ролу

 Хизбулла колдогон маронит саясий ишмерлердин бири Сулейман Франжие акыркы мүнөттө талапкерлигин алып салды жана Жозеф Аунду колдой турганын жарыялады.

Йылдыздын айтымында, бул жагдай Хизбулланын президенттик шайлоодогу таасиринин азайып баратканын көрсөтүүдө. Йылдыз, Хизбулла колдогон депутаттар Аун тобуна өздөрүнүн колдоосуна муктаж экенин көрсөтүү үчүн шайлоонун биринчи айлампасына  катышпаганын, бирок экинчи турда Аун үчүн добуш бергендерин айтты.

Йылдыз: «Хизбулла Жосеф Аундун шайлануусуна бөгөт коюу аракеттери саясий реалдуулуктан улам натыйжасыз болорун түшүндү», - деп кошумчалады.

Ирандык-канадалык саясий серепчи Гончех Тазмини да Аундун шайланышын Иран жетектеген Каршылык көрсөтүү огунун «таасиринин азайып баратканынын» көрсөткүчү катары баалайт.

Хизбулла, Сириядагы кулатылган Асад режими, Ирактагы шиит топтору, Йемендеги хуситтер жана Хамас бул каршылык көрсөтүү фронтунун бир бөлүгү.

TRT World каналына маек берген Тазмини:«Ливандын саясатында жыйырма жылдан ашуун үстөмдүгүн кылган бул топ Израиль менен 14 айга созулган кагылышууда олуттуу жоготууларга учурады; жогорку даражалуу ишмерлердин өлүмү жана Ирандын курал-жарактарын өткөрүп берүүгө көмөктөшкөн анын өнөктөшү Асаддын алсыратылышы»,-деп айтты.

 Мазхаб саясаты

 Аундун чыныгы саясий тажрыйбасы жок болсо да, Йылдыз бул өзү үчүн да, өлкө үчүн да артыкчылык болот деп эсептейт. Анткени Аундун эчактан бери эле секталар боюнча бөлүнгөн парламенттеги эч бир топ менен байланышы жок.

Бирок Йылдыз Ливандын «институционалдаштырылган секталык түзүлүшүнө» шилтеме жасап, «Хизбулланын» аскердик  күчүн жок кылуу сыяктуу экономикалык жана аскердик маселелерде олуттуу кадамдарды жасоо кыйын болорун эскертти.

Ливандын калкы беш миллиондон бир аз ашса да, анда христиан, сунни жана шиит мусулмандары, ошондой эле друздар сыяктуу этнодиний топтор бар. Өлкөнүн саясий системасы улуттук партияларга эмес, ошол диний топтордун өкүлү болгон партияларга негизделген.

Ливанда президент ар дайым маронит, премьер-министр суннит мусулманы жана парламенттин спикери шиит мусулманы болгон. Ошондой эле парламент ар кандай тышкы күчтөр менен  байланышы бар, бөлүнгөн секталык күчтөрдүн   аренасы болуп саналат.

Жалпысынан Сауд Арабиясынын жана Перс булуңундагы башка мамлекеттердин Ливандагы суннит топторуна салттуу түрдө чоң таасирин тийгизсе, Иран өлкөдөгү шиит топторун колдойт. Христиан топтору болсо Батыш державалары менен терең байланышта.

Бирок, өлкөнүн татаал саясий түзүлүшү да кээде кызыктай  өнөктөштүккө күбө болду. Маселен, мурдагы президент Мишель Аун шиит мусулмандарынын өлкөсү болгон Иран менен иштиктүү мамиле түзсө, азыркы президент Сауд Арабиясы менен жакшы мамиледе.

Тазмини Аунга мураска калган кырдаалды эске алуу менен ал “маанилүү кыйынчылыктарга” туш болуп жатканын белгилейт.

АКШнын жана Саудиянын аймактык кызыкчылыктарына шайкеш келгенине карабастан, Аундун платформасы Ливандын татаал секталарга негизделген бийликти бөлүштүрүү системасынын ичинде жаңы өкмөттү түзүү сыяктуу татаал милдетти камтыйт.

Тазмини: “Алты жылдык экономикалык кыйроону артка кайтаруу, терең саясий бөлүнүүчүлүк жана элдин ишениминин төмөндүгү менен күрөшүү өтө татаал иш болот", - деп кошумчалады.

 Популярдуу жаңы премьер-министр

Ливандын татаал саясий түзүлүшүнө карабастан, премьер-министрликке дайындалган Наваф Салам эл аралык жана  жергиликтүү деңгээлде компетенттүүлүк жана адилеттүүлүк жаатында таанылган инсан. Салам Израилдин Газага ырайымсыз кол салууларына байланыштуу акыркы чечимдери менен өзгөчөлөнгөн Эл аралык Адилет Сотунун мурдагы төрагасы.

Йылдыздын айтымында, Салам 2022-жылы премьер-министрликке талапкер болгон, бирок Микати ошол кездеги Хизбулланын таасиринен улам тандалган.

Анын дипломатиялык жөндөмдөрү ондогон жылдар бою  тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнүн таасиринде калган Ливандын саясий кризистерин жеңүүгө жардам бериши  мүмкүн. Салам мамлекеттин курал-жарак ташуу монополиясы жөнүндө айтып, “Ливан мамлекетинин бийлигин анын бүткүл аймагында кеңейтүүгө” жана Хизбулланын Ливандын түштүгүнөн чыгып кетишин талап кылган БУУнун 1701 резолюциясын толугу менен аткарууга убада берген.

БУЛАК:AP
Иликте
Нью-Йорктун тарыхында калыптанган тартипти бузуп, жеңген жаш мусулман талапкер-Зохран Мамдани
Нью-Йорктуктар жаш мусулман Зохран Мамданини мэр кылып шайлоо менен АКШнын саясатын өзгөртүштү
Мерц Сириянын президентин качкындар жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Германияга чакырды
Перу мурдагы премьер-министрине башпаанек берген Мексика менен дипломатиялык мамилелерин үздү
Трамп Нигерия жана Украина тууралуу сөз кылды
Трамп Орусия менен Кытай жашыруун өзөктүк сыноолорду жүргүзгөнүн айтты
Украинада орусиялыктардын чабуулунан алты адам, анын ичинде эки бала каза болду
Израиль Ливандын түштүгүнө кол салып, ок атышпоо келишимин бузду
Хегсет: «АКШ менен Кытай чыңалууну басаңдатуу үчүн аскердик байланыш түзүмүн түзүшөт»
Трамп «христиандарды өлтүрүү» боюнча айыптап, АКШнын Нигерияга аскердик операциясын кыйытты
Пакистан ооган качкындарынын кайтышы үчүн Торхам чек арасын эки жумалык жабылуудан кийин кайра ачты
Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт
Трамп: «Си сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салат»
Трамп менен Си Түштүк Кореяда жолугушту
Сирия Косовону расмий түрдө көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары тааныды
Польшалык учактар ​​Балтика деңизинин үстүндө орусиялык учакка бөгөт коюшту
Израиль Газада 91 палестиналыкты набыт кылды: Ок атышууну токтотуу келишими бузулду
Япония АКШга өзүнүн коргонуу каржылоолорун жогорулатууга милдеттүү экендигин билдирди
Австрияда бетти таануу боюнча Clearview AI компаниясына каршы купуялуулукту бузуу боюнча айып коюлду
Кытай менен АСЕАН кеңейтилген эркин соода келишимине кол коюшту