АКШ, Египет, Катар жана Түркия Газа боюнча ок атышууну токтотуу келишимине кол койгондон кийин дүйнө жүзү боюнча ар кандай реакциялар жаралды. Дүйнө лидерлери бул келишимди тынчтыкка карай жаңы барак деп атап, Израилдин эки жылдык согушунан кийин туруктуулукту камсыз кылат деп үмүттөнүшүүдө.
Бул документке дүйшөмбү күнү Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында өткөн эл аралык саммитте кол коюлду.
Төмөндө дүйнө лидерлеринин айрым билдирүүлөрү орун алган.
Америка Кошмо Штаттары
АКШнын президенти Дональд Трамп бул күндү «Жакынкы Чыгыш үчүн улуу күн» деп атап, Газа боюнча ок атышууну токтотуу келишимине кол коюлганын белгиледи. Ошондой эле, Израиль менен ХАМАС туткундарды алмашкандан кийин бул келишимди бекемдөө максатында декларация кабыл алынганын жарыялады.
Ак Үй бул келишимди «тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн жаңы барак» деп мүнөздөдү.
Келишимге кол койгон өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө мындай деп айтылган:
«Биз президент Трамптын согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү аракеттерин колдойбуз. Туруктуу тынчтык бардык тараптардын гүлдөп-өнүгүүсү менен мүнөздөлөт. Биз экстремизмдин бардык түрүн жоюу үчүн биргелешип аракеттенүүгө даярбыз.»
Египет
Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси саммитти Трамп менен биргеликте жетектеп, бул келишимди «сактоого тийиш болгон маанилүү кадам» деп атады.
Каир Катар, Түркия жана АКШ менен келишимдин толук аткарылышын камсыз кылуу жана тынчтык куруунун кийинки баскычын жеңилдетүү үчүн кызматташууну уланта турганын билдирди.
Египет Шарм-эль-Шейхтеги тынчтык саммитин «тынчтык жолун бекемдөө» катары баалап, 9-октябрдагы Газа келишимин колдоого чакырды.
Египет Катар менен Түркиянын ортомчулугун жогору баалап, лидерлер туткундарды алмашуу, Израилдин чыгышы жана гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча толук аткарууну колдогон документке кол коюшканын билдирди.
Египет башкаруу, коопсуздук, калыбына келтирүү жана саясий жолдор боюнча тез арада кеңешүүлөрдү өткөрүүгө чакырып, 1967-жылдагы чек аралар боюнча эки мамлекет чечимин колдоорун дагы бир жолу билдирди.
Түркия
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Шарм-эль-Шейх шаарында өткөн саммитке катышып, тынчтык келишимине кол койду.
Эрдоганды Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Коммуникация башкармалагынын башчысы Бурханеттин Дуран жана тышкы саясат жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч коштоп жүрүштү.
Түркиянын парламент төрагасы Нуман Куртулмуш Анкаранын эң чоң каалоосу «кан төгүүнү токтотуу жана туруктуу ок атышпоо келишимин бекемдөө» болгонун билдирип:«Акыркы окуялар үмүттөндүрүүдө, бирок Израилдин акыркы эки жылдагы агрессивдүү жана кеңейүүчү аракеттери жакындан көзөмөлдөөнү талап кылат», - деди.
Ал геноцидчи Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү кайрадан зомбулукка кайтып келиши мүмкүн экенин эскертип, эл аралык коомчулукту «тынчтык туруктуу болушу үчүн» басымды сактоого чакырды.
Катар
Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Шарм-эль-Шейхтеги тынчтык саммитинин «оң натыйжаларын» белгилеп, бул Газа үчүн биримдик жана туруктуулукка карай жаңы кадам экенин айтты.
«Биз саммит Газа элинин үмүтүн актаган келечектеги түшүнүктөргө жол ачат деп ишенебиз», - деди ал X социалдык тармагында.
Ал ошондой эле бардык тараптар келишимди «баарынын жыргалчылыгы үчүн» аткарууга милдеттенет деп үмүттөнөөрүн билдирди.
Франция
Франциянын президенти Эммануэль Макрон ок атышууну токтотууну «туткундар, алардын үй-бүлөлөрү, Израиль жана Палестина эли үчүн тарыхый күн» деп атап, дүйнөнү «келечекке бирге даярданууга» чакырды.
Шарм-эль-Шейхтеги тынчтык саммитинен кийин сүйлөгөн Макрон Франция Газа үчүн гуманитардык жардам операцияларын тездетерин жана АКШ менен Израиль менен биргеликте жардамды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга аракет кыларын билдирди.
Ал Франция жакынкы апталарда Газа үчүн гуманитардык жардам конференциясын өткөрөрүн жарыялап, келишимдин биринчи фазасынын алкагында каражаттарды мобилизациялоо жана Газанын стабилдүүлүгүн жана калыбына келтирүүнү тездетүү боюнча иш-чараларды баштай турганын айтты.
Италия
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Газа келишиминен кийин Италия «Палестина мамлекетин таанууга жакындаганын» билдирди.
«Эгерде план ишке ашса, Италиянын Палестинаны таануусу сөзсүз жакындайт», - деди ал Шарм-эль-Шейхте.
Бул Трамп үчүн «чоң ийгилик» экенин белгилеп, Италия Газанын стабилдүүлүгүнө жардам берүүгө даяр экенин, анын ичинде БУУнун мандаты астында Карабинери күчтөрүн жайгаштырууга даяр экенин кошумчалады.
«Италия өзүнүн ролун аткарууга даяр. Бул тарыхый күн», - деди ал.
Европа Биримдиги
Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста ЕБ Газаны калыбына келтирүү жана өткөөл башкарууга катышууга даяр экенин билдирди.
«Европа Биримдиги бул тынчтык планын ишке ашырууга толук берилген», - деди Коста.
Ал ЕБ Рафах жана Батыш Жээктеги чек ара жана полиция миссиялары аркылуу салым кошорун жана Газанын эң ири гуманитардык донору бойдон кала берерин айтты.
«Тынчтыкка жол дагы узак, бирок бүгүн биз аны ишке ашырууга биргелешип убада бердик», - деди ал.
Пакистан
Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф Трампты жана башка ортомчуларды «миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калганы» үчүн мактап, Трампты Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүүгө чакырды.
«Мен чын жүрөктөн ал тынчтык сыйлыгына эң сонун талапкер деп эсептейм, анткени ал Жакынкы Чыгышта гана эмес, Газада да тынчтыкты камсыз кылды», - деди ал.
Шариф Пакистан Газаны калыбына келтирүүгө жана адилеттүү, туруктуу тынчтыкты колдоого берилгендигин баса белгиледи.











