ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ак үй: Япониянын премьер-министри Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтөт
Президент Трамп Токиодо премьер-министр Такаичи менен жолугушуп, АКШ менен Япониянын ортосундагы карым - катнаштардын "мурдагыдан да күчтүү болорун" жарыялады.
Ак үй: Япониянын премьер-министри Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтөт
Ак үй: Япониянын премьер-министри Трампты Нобель сыйлыгына көрсөтөт / Reuters

Шейшемби күнү Ак үй Япониянын премьер-министри Санаэ Такаичи АКШнын президенти Дональд Трампты Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтөрүн билдирди.

Трамп январь айында бийликке кайтып келгенден бери Нобель сыйлыгына көбүрөөк көңүл буруп, дүйнө жүзүндөгү бир нече кагылышууну токтотконун айтууда.

Трамп буга чейин Пакистан, Азербайжан жана Камбоджа сыяктуу бир нече өлкөлө тарабынан бул сыйлыкка көрсөтүлгөн..

Такаичи Трамп менен шейшемби күнү эртең менен Токиодо жолугушуп, экономикалык жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Такаичи шейшемби күнү журналисттерге берген билдирүүсүндө: "Ушунчалык кыска убакыттын ичинде дүйнө тынчтыкты дагы көп сезе баштады. Урматтуу президент, сизден абдан таасирлендим жана шыктандым,” – деп кошумчалады Такаичи.

Трамп: Эки тараптуу мамилелер чоң күчкө' жетет

Трамп шейшемби күнү Токиодо Такаичи менен жолугушкандан кийин АКШ-Япония мамилелери болуп көрбөгөндөй күчкө жетерин белгилеп:"Японияга ар дайым чоң сүйүү жана урматтоо менен мамиле кылып келдим. Бул карым - катнаш ар дайымкыдан лагы күчтүү болорун айткым келет”,- деди.

Токиого бекем колдоо көрсөтүүнү убада кылган Трамп Такаичиге: “Кандай суроо болбосун, кандай күмөн болбосун, сизге эмне керек болсо, кандай жакшылык керек болсо, биз дайыма сиз тарапта болобуз,” – деп, эки өлкөнү “эң күчтүү деңгээлдеги союздаштар” деп мүнөздөдү.

Трамп ошондой эле Япониянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн “өтө олуттуу” түрдө көбөйтүп жатканын белгилеп, Вашингтондун жаңы аскердик жабдуулар үчүн “өтө чоң көлөмдөгү буйрутмаларды” алганын айтты.

Трамп эки тараптуу сооданын тарыхый деңгээлге жеткенин айтып, эки өлкө "абдан адилеттүү" келишимге кол коюуга даярданып жатканын белгилеп: "Өзгөчө биринчи аял премьер-министр болгонуңуз менен куттуктайм. Бул абдан чоң окуя", - деди.

Такаичи Токионун "Япония менен АКШнын күчтүү жана өнүккөн жаңы Япония-АКШ альянсынын алтын доорун ишке ашырууну каалай турганын" айтып, эки өлкөнүн "дүйнөдөгү эң чоң альянсты өнүктүрүп жатканын" белгиледи жана Япониянын АКШ менен бирге тынчтыкка жана туруктуулукка салым кошууга даяр экенин билдирди.

Такаичи Япониянын "улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн дипломатияны колдонуу" боюнча позициясын кайталап, "эркин жана ачык Индо-Тынч океан" максатына жетүү үчүн Вашингтон менен кеңири кызматташууга даяр экендигин айтты.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады