Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казым Гарибабади Иран Ормуз кысыгы аркылуу деңиз өтмөктөрүн көзөмөлдөө үчүн Оман менен протокол даярдаганын билдирди.
Гарибабади Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги бейшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө, тынчтык мезгилинде кемелердин кыймылы эки жээк мамлекети — Иран жана Оман тарабынан жүргүзүлүп жана координацияланып жатканын айтты. Ал: «Бул шарттар чектөө дегенди билдирбейт, тескерисинче, коопсуз өтүүнү жеңилдетүүгө, камсыздоого жана кемелерге жакшыраак кызмат көрсөтүүгө багытталды», — деп кошумчалады.
Мунай жана жаратылыш газын ташуу үчүн маанилүү транзиттик пункт болгон Ормуз кысыгында АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан кийин кемелердин кыймылы кескин азайып, өлкөлөр альтернативдүү деңиз жана кургактык жолдорун издөөгө түрткү болду.
Күн сайын кысык аркылуу болжол менен 20 миллион баррель мунай өтөт. Бул суу жолун жабуу мунайдын баасын, транспорт жана камсыздандыруу чыгымдарын жогорулатып, дүйнөлүк экономикалык көйгөйлөргө алып келди.
Согуш мезгилиндеги үзгүлтүккө учуроолор
Гарибабади Ормуз кысыгы "ачык жана өтүү үзгүлтүксүз уланып жатканын" айтып, "агрессияга туш болгондо, кыймыл катуу бузулат. Учурда биз согуш абалындабыз жана согуш мезгилиндеги шарттар тынчтык мезгилиндеги эрежелер менен жөнгө салынбайт",- деп кошумчалады.
Ирандын расмий өкүлү Эл аралык атомдук энергия агенттигинин кепилдиги менен ядролук объектилерге кол салуулар "эл аралык укукту, БУУнун уставын жана тиешелүү резолюцияларды бузарын" билдирди.
Гарибабади мындай аракеттер "эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирерин" белгилеп, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан олуттуу чаралар көрүлүшү керектигин айтты.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Ирандагы бир нече ядролук объектилер, анын ичинде Бушер атомдук электр станциясынын айланасындагы аймактар жана Ардакан, Хондаб, Натанз жана Фордодогу объектилер бутага алынганын белгиледи.
Гарибабади: "Бул аракеттер эл аралык укукка каршы келет",- деди.
Өзүн коргоо укугу
Гарибабади Ирандын объектилерине башка өлкөлөрдүн аймагынан чабуул жасалган учурда, "бул өлкөлөрдөгү окшош объектилерге дагы пропорционалдуу жооп кайтарылаарын" белгилеп, муну "БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо укугу" деп атады.
Ядролук куралды жайылтпоо келишимине (ЯККК) байланыштуу Ирандын расмий өкүлү Иран келишимге берилген бойдон кала берерин, бирок ички сындардын көбөйүп жатканын моюнга алып, "Иран эмне үчүн өз милдеттенмелерин аткарып жатканын сураган үндөр көбөйүп баратат" деп, парламентте келишимден чыгуу боюнча сунуштар бар экенин кошумчалады.
АКШ менен Израилдин 28-февралда Иранга биргелешкен чабуулу башталгандан бери аймактык чыңалуу күчөдү. Бул кол салууларда ошол кездеги диний лидер Али Хаменеини кошкондо, 1340тан ашуун адам каза болду.
Тегеран болсо Израилден тышкары Иордания, Ирак жана АКШнын аскердик-финансылык объектилери жайгашкан Булуң өлкөлөрүн учкучсуз учактар жана ракеталар менен бутага алып, жооп кайтарды.









