ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Филиппиндеги мектепте болгон куралдуу кол салууда төрт адам каза болду
Мектепке тапанча менен кирген кол салуучунун жогорку класстын окуучусу экендиги болжолдолууда
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Филиппинде бир лицейде болгон куралдуу кол салууда 4 адам каза болду

Филиппиндин түштүгүндө мектептеги куралдуу кол салууда төрт адам каза болуп, тогуз адам жаракат алды.

Улуттук Тергөө Бюросу (NBI) берген маалыматта өлкөнүн түштүгүндөгү Замбоанга шаарындагы мектепте сабактар башталганга чейин куралдуу кол салуу болгондугу маалымдалды.

Билдирүүдө мектепке тапанча менен кирген кол салуучунун жогорку класстын окуучусу экени божолдонгону белгиленди.

Алгачкы маалыматтарга караганда, эки окуучу жана эки күзөтчү каза болуп, тогуз адам жаракат алган. Кол салуунун себебин аныктоо жана мектептеги коопсуздук кемчиликтерин аныктоо үчүн тергөө иши башталды.

Филиппиндин мамлекет башчысы Фердинанд Маркос коопсуздук күчтөрүнө кол салуу боюнча кеңири иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди.

Маркос бийликтен мектептер жана жергиликтүү жамааттар менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуучу чараларды күчөтүүнү талап кылды.

Өлкөдө июнь айында да Сан-Хосе улуттук лицейине куралдуу кол салуу болуп, окуяда 3 окуучу каза таап, 5 окуучу жаракат алган. Полиция кол салууга катыштыгы бар шектүүлөрдүн бири ошол эле мектептин окуучусу экенин билдирген.

Иликте
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат