Катар: Газада ок атышпоо сунушуна Израилден азырынча расмий жооп жок

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, сунуштун кабыл алынышына же четке кагылышына же болбосо башка альтернативага байланыштуу Израилдин расмий жооп бере электигин билдирди.

Газада ачкачылыкта жабыркаган палестиналыктары. / AA

Катар Хамас тарабынан кабыл алынган акыркы Газада ок атышпоо сунушуна Израилдин азырынча жооп бербегенин жарыялады.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид ал-Ансари шейшемби күнү Аль-Жазира телеканалында: “Биз ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн бардык тараптар менен байланыштабыз, бирок Израилден эч кандай расмий жооп жок”,-деди.

Ансари Газа боюнча ортомчулардын күн сайын байланышып, ок атышпоо келишимине жетишүү аракетин көрүп жатканын айтты.

“Израилдин жооп бериши жана процесске олуттуу түрдө катышуусу керектигин баса белгилейбиз,” – деген Ансари “Израилден бул сунуш боюнча расмий жоопту күтүп жатабыз” деди.