ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Грузиянын премьер-министри: "Өлкөбүздүн 20 пайызы азыр да Россия Федерациясынын оккупациясы астында"
"Жүз миңдеген жарандарыбыз азыр да өлкөнүн ичинде жер которуп, үйлөрүнө кайта албай жатат".
Грузиянын премьер-министри: "Өлкөбүздүн 20 пайызы азыр да Россия Федерациясынын оккупациясы астында"
Грузиянын премьер-министри Кобахидзе: "Өлкөбүздүн 20 пайызы дагы эле Орусия Федерациясынын оккупациясында"

Премьер-министр Кобахидзе Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81 - сессиясында сөз сүйлөдү.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкө аймагынын 20 пайызы Россиянын оккупациясында экенин билдирип:"Жүз миңдеген жарандарыбыз азыр да ички жер которуп, үйлөрүнө кайтып келе албай жатышат",- деди.

Кобахидзе Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган жана Россия тарабынан колдоого алынган Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарында жашаган элге кайрылып: «Кылымдар бою биз бирдиктүү мекенди жана бизди бириктирген жалпы тарыхты бөлүшүп келгенбиз. Бүгүн тартылган бөлүүчү сызыктар бул тарыхты өчүрүп же балдарыбыздын келечегин аныктай албайт. Грузиянын тынчтыкта жана экономикалык өнүгүүдө жетишкен ийгиликтерине жасалма түрдө тартылган бөлүүчү сызыктар тоскоол болбошу керек деп ойлойбуз. Биздин жалпы келечегибиздин ажырагыс бөлүгү болуп келген тарыхый аймактарыбызда жашаган эл да бул жетишкендиктерден пайда көрүшү керек», — деп билдирди.

"Грузия Түштүк Кавказдын жана Борбордук коридордун ажырагыс бөлүгү."

Кобахидзе Грузиянын стратегиялык абалга ээ экенин билдирип: "Грузия Түштүк Кавказдын жана Борбордук коридордун ажырагыс бөлүгү, бул бизди Борбордук Азия менен Европаны бири бирине байланыштыруу үчүн ыңгайлуу абалга алып келет",- деди.

Иликте
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Президент Эрдоган Стамбулдун оккупациядан бошотулушунун 103 жылдыгы менен куттуктады
ЦРУ Израилдеги ички чыр-чатактардын коркунучу тереңдеп баратканын эскертти