Черногория түрк саякатчылар үчүн виза шартын жокко чыгарат

Черногориянын тышкы иштер министри Ибрагимович: "Түркия менен визасыз режим тууралуу чечимдин 10 - 15 күндүн ичинде жокко чыгарыларына ишенем",- деди.

By
Черногориянын Котор шаарындагы "ашыкча туризм" боюнча тынчсыздануулар күчөп турган маалда, Эски шаардагы Саат мунарасынын жанында туристтер басып жүрүшөт. 2024-жылдын 8-августу.

Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович өлкөсүнүн Түркия менен визасыз саякаттоону токтотуу чечими 10-15 күндүн ичинде жокко чыгарыларына ишенгенин билдирди.

Ибрагимович расмий сапар менен Черногорияга барган Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен дүйшөмбү күнү Черногориянын борбор шаары Подгорицада пресс - жыйын өткөрүп жаткан учурда келген суроого : “Премьер - министр Милойко Спайич менен тынымсыз байланыштабыз. Түркия менен визасыз саякаттоону токтотуу чечиминин 10- 15 күндүн ичинде жокко чыгарыларына ишенем”,- деди.

Ибрагимович визасыз режим токтотулгандан кийин Черногориядагы Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө келген адамдардын саны кескин көбөйгөнүн билдирди.

25-октябрда бир черногориялыкка жасалган бычак менен кол салуу жергиликтүү маалымат каражаттарында алгач түрк жарандарынын катыштыгы бар деп кабарланган. Бул Подгорицанын айрым жерлеринде Түркияга каршы маанайдын күчөшүнө алып келди жана премьер-министр Милойко Спайичтин Түркиянын жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтото туруу чечимин чыгарышына себеп болду.

Черногория Жогорку Соту 31-октябрда шаарда бычак менен кол салууга катышы бар деп кармалган эки адамдын окуяга тиешеси жок экени аныкталгандан кийин бошотулганын жарыялады.