Израилдин көптөн бери күтүлгөн Иранга чабуулу Тегеранды расмий түрдө аймактык согушка тарткан болушу мүмкүн.
Октябрь айындагы чабуулдарда, Ирак чек арасындагы Иламга жакын жердеги абадан коргонуу системаларына, баллистикалык ракета объектилерине жана мурда Ирандын өзөктүк амбициялары менен байланыштырылган бирок 2003-жылы эвакуацияланган объектилер да арасында болгон Ирандын негизги пункттарына сокку урулду.
Ирандын расмий булактары Израилдин ракеталарына ийгиликтүү бөгөт коюлганын жарыялады. Бул билдирүү Иран элинин тынчсыздануусун жеңилдетүү максатын көздөгөн.
Бирок Иран үчүн коркунуч аймактык эле болбой калды. Аскердик, дипломатиялык жана идеологиялык элементтердин кесилиши, Иранды жаңжалдын башында турган ролду алууга түрттү.
Кантип башталды?
Ирандык лидерлер, 7-октябрда ХАМАС баштаган Израилге каршы чабуулдардын аймак үчүн чоң кесепеттерге алып келерин Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиандын табышмактуу өлүмүнөн кийин түшүнүштү.
Май айында Азербайжанда тик учактын кыйрашынан эки чиновниктин каза болушу Ирандагы саясий лоббилерде көптөгөн божомолдорду жаратты.
Өкмөт учактын кыйрашы аба ырайынан улам болгон деп ырастаганы менен, Ирандын көптөгөн жогорку даражалуу чиновниктери кырсыкка Израиль өкмөтүнүн тиешеси бар деп ишенишет.
Бул шектенүү Иран жетекчилигинин жогорку баскычтарында күчтүү резонанс жаратып, Израилдин тымызын кийлигишүүсүнүн максаты Иранды согушка тартуу деген кеңири тжайылган ишенимди козгоодо.
Бирок ирандык аткаминерлер расмий айыптоо Иранды жооп кайтарууга аргасыз кылат деп кооптонгондуктан муну ачык айтуудан карманышты.
Ирандын башкаруучу чөйрөлөрүндөгү ишмерлер менен жеке сүйлөшүүлөрдө, Тегеран лидеринин өлүмүнөн кийин өлкөнү стабилдештирүү жана бул окуядан улам келип чыккан экономикалык башаламандыктарды жоюу үчүн тез шайлоо өткөрүүгө умтулганы белгилүү болду.
Иран Раисинин өлүмүнөн 40 күндөн кийин эле президенттик шайлоо өткөрүүгө жетишти жана июлда бул кызматка Масуд Пезешкянды дайындады. Бирок, таң калыштуусу, бир нече жумадан кийин Израиль ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Ханияны Тегерандын чок ортосунда, өлкөнүн эң коопсуз аймактарынын биринде өлтүрдү.
Натыйжада узак убакыттан бери башка регионалдык актерлорду колдоп, түздөн-түз кагылышууга катышпаган Иран салттуу мамилесин кайра карап чыгууга аргасыз болду.
"Өнүккөн коргонуудан" баш тартуу
Иран Ирак согушунан бери келе жаткан жана тарыхый атаандаштары Израиль менен Америка Кошмо Штаттарына каршы тең салмактуулукту сактоо үчүн Ирандын тышындагы прокси аскер бөлүктөрүн күчтөндүрүүнү максат кылган «өнүккөн коргонуу» саясатынан баш тартты жана жаңы жолдорду ойлоно баштады.
Иран башкаруучулары менен тыгыз байланышы бар булактардын айтымында, Диний лидер Али Хаменеи жана анын кеңешчилери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун азыркы жаңжалды түздөн-түз Ирандын аймагына жайылтууга аракет кыларын алдын ала болжолдогон эмес.
Ирандык жетекчилер, Израилдин чабуулдарынын; Ливандагы “Хизбулла” жана анын Сириядагы аскерий бөлүгү менен Ирактагы Иран колдогон шиит кошуундары сыяктуу ишенимдүү күчтөр менен гана чектелет деп болжолдогон. Ирандын аймагына түздөн-түз чабуул жасалат деп эч ким күткөн эмес.
Иран "Хизбуллага" Израиль менен тикелей кагылышуудан качууну, анын ордуна Израилдин түндүк чек арасын бутага алуу менен кыйратуучу согушту жүргүзүүнү ачык айткан.
Бирок бул мамиле өткөн айда “Хизбулланын” баш катчысы Хасан Насралланын өлтүрүлүшү жана Ливан менен Сириядагы пейжердик чабуулдар Ирандын кыжырын кайнаткандан кийин өзгөрдү.
Прокси күчтөр аркылуу кыйыр таасирге гана таянуу Ирандын аймактагы позициясын алсыратып, региондогу алсыз актер катары көргөзүшү мүмкүн эле.
Согуш талаасына
Иран Израилге каршы регионалдык жаңжалда түздөн-түз ролду ачык айтуудан мурун өзүнүн иш-аракеттер планынын мыйзамдуулугун ырастоо үчүн аймактык жана глобалдык союздаштарынан дипломатиялык колдоо алууга аракет кылды.
Сентябрь айында болсо аймактын орбитасын Нетаньяхунун максаттарына карама-каршы келген багыт менен кайра түзөм деп согуш талаасына киргенин жарыялады.
Ирандын Израилди көздөй жүздөгөн баллистикалык ракеталарды учуруп алгачкы өч алуу кадамдарынан кийин Нетаньяху "талкалоочу" жооп кайтарарын эскертти.
Буга жооп катары Ирандын саясий дискурсу Диний лидери Хаменеинин жетекчилигинде, парламенттин жана адам укуктары боюнча расмий өкүлдөрдүн да колдоосу менен курчуду.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи Израилди жазалоо үчүн маселени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине алып чыга турганын айтып, абдан агрессивдүү билдирүүлөрдү жасады. Ал ошондой эле Иран өз кызыкчылыктарын өлкөнүн чегинен тышкаркы жакта да коргой алаарын баса белгиледи.
7-октябрдан кийин Иран адегенде кыйратуучу согушту жактап, Хизбулланы бул стратегияны кабыл алууга чакырды.
Бирок Израиль Ирандын аймагына киргенден кийин Тегеран жаңы саясий күн тартибине туш болду: ал мындан ары пассивдүү бойдон калууга же өзүнүн аймактык максаттарына жетүү үчүн союздаштарына гана ишенип отура алмак эмес.
Иран азыркы туруксуздук чөйрөсүндө, Америка администрациясы да шайлоолор менен алектенип жатканда, түздөн-түз чара көрүү жана кырдаалды кайра калыптандыруу зарыл экенин түшүндү.
Израилдин чабуулдарынан кийин Иран өзүн Израилге түздөн-түз аскерий атаандаш катары көрсөтүү менен аймакта коомдук позицияны карманууну чечти. Тегеран, аймактагы ишенимдүү өкүлдөрүнө гана таянуу кымбатка түшүшү мүмкүн экенин билип, керек болсо Израилдин аймактык коркунучуна саясий жана аскердик жактан да жооп кайтарарын билдирди.
Анын үстүнө, ирандык лидерлер түздөн-түз согушка баруунун ар кандай кечеңдетилиши Ирандын аймактык абалына олуттуу таасир тийгизерин билишет.
Ирандын түз кагылышуу мамилесин колдогон Орусия менен Кытай аны кубаттоодо. Өзүнүн стратегиялык кадамдарынан тышкары Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен дипломатиялык алака түздү жана Израилдин агрессиясынын курмандыгы катары көрмөксөнгө салынышынын күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.














