COP31 башталды: Лидерлер климаттык аракеттерди күчөтүүгө чакырышты
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
COP31 башталды: Лидерлер климаттык аракеттерди күчөтүүгө чакырыштыТүркиянын түштүгүндөгү туристтик шаар Анталияда дээрлик 200 өлкөнүн делегаттары казылып алынган отунду акырындык менен азайтып колдонууну токтотуу аракеттерин жандандыруу үчүн жол картасын түзүү үчүн чогулушту.
COP31

Климаттык аракеттерге көлөкө түшүрүү коркунучу бар парник газдарынын жогорку эмиссиясы, согуштар жана инфляция сыяктуу глобалдык кыйынчылыктар сакталып турганда, дээрлик 200 өлкөнүн делегаттары Түркиянын Анталия шаарында COP31 климаттык саммитине чогулушту.

Дүйнө лидерлери кыйратуучу суу ташкындары, ысык толкундар жана башка климатка байланыштуу кырсыктар менен белгиленген бир жылдан кийин, шаршемби күнү глобалдык жылуулукту токтотуу боюнча конкреттүү кадамдар боюнча макулдашуу үчүн расмий сүйлөшүүлөрдү башташат.

Сүйлөшүүчүлөр дүйнөлүк энергия керектөөдө электр энергиясынын үлүшүн көбөйтө турган жана казылып алынган отунду колдонуудан баш тартуу аракеттерин жандандыра турган жол картасынын үстүндө иштеп жатышат.

Сөз сүйлөйт деп күтүлүп жаткандардын арасында; өткөн жылдагы климаттык конференцияны өткөргөндөн кийин октябрь айынын аягында кайра шайланган Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва, Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн жана Маршалл аралдарынын президенти Хильда Хайне да бар.Иш-чарага Кыргызстандан Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып жатат.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы жана мурдагы президенттин климат боюнча элчиси Жон Керри: «Бизге көп сөз эмес, пландар керек», - деди.

Согуш чөйрөсү бензин, мунай жана жер семирткичтер же пестициддер сыяктуу мунай өнүмдөрүнүн дүйнөлүк бааларын көтөрүп, өкмөттөрдү энергетикалык саясатын кайра карап чыгууга жана шамал же күн энергиясы сыяктуу кайра жаралуучу булактарга инвестиция салууга түрттү.

COP31 президенти жана Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум конференциянын климаттык иш-аракеттер күн тартиби 2035-жылга чейин зыяндуу заттардын чыгарылышын 25-30 пайызга кыскартууга багытталганын билдирди. Курум климаттык милдеттенмелерди аткарбоо дүйнө жүзү боюнча суу ташкыны, токой өрттөрү жана бороон-чапкындар сыяктуу экстремалдык аба ырайынын кесепеттеринин күчөшүнө алып келерин эскертти.

Каржылоо маселесине токтолгон Африка сүйлөшүүчүлөр тобунун төрагасы Антви-Боасиако Амоа Анталияда өткөн COP31 басма сөз жыйынында бай өлкөлөр аскердик кийлигишүүлөр же энергетикалык коопсуздук үчүн бир түндө каражат чогулта аларын, бирок климаттык иш-аракеттерге ошондой артыкчылык бербей жатышканын билдирди.

Өнүккөн өлкөлөрдү климаттык каржылоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырган Амоа: «Биз түшүнгөндөй, акча бар, бирок климат үчүн акча жок. Айырмасы ушунда, анткени алар аскердик кийлигишүүлөр үчүн бир түндө акча таба алышат», - деди.

Иликте
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда