Бельгиялык министр "Москваны картадан чийип салам" деп коркутту
Тео Франкен Орусиядан Брюсселге жасалган кандайдыр бир ракеталык чабуул НАТОнун чечкиндүү жообун жаратаарын айтты.
Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен Орусияны катуу эскертип, Брюсселге кандайдыр бир ракеталык соккусу урулса НАТОнун чечкиндүү түрдө жооп кайтарарын билдирди.
Франкен дүйшөмбү күнү De Morgen гезитине берген маегинде “Эгерде (Орусиянын президенти Владимир) Путин Брюсселге ракета атса биз Москваны картадан өчүрөбүз” – деп айтып, НАТОнун биргелешкен коргонуу милдеттенмесин баса белгиледи.
Президент Дональд Трамптын тушунда АКШнын НАТОго болгон милдеттенмесине байланыштуу күмөн саноолорун сынга алган Франкен “Европада Америка өкмөтүнө карата бейкалыс пикир өтө күчтүү. Трамп Американын НАТО союздаштарын жүз пайыз колдой турганын ачык айтты. Брюсселге ракеталык сокку урулса? Кандай аныктама колдонсоңуз да бул талашсыз маселе. Путин да муну жасабайт”, – деди.
Бирок Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн баалабай коюуга каршы эскерткен Франкен “Орустар өздөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүштү. Алардын согуш экономикасы НАТОнун жалпы көлөмүнөн төрт эсе көп ок-дарыларды өндүрөт. Европада борбордук командачылык да жок”, – деди.
Орусиянын Украинадагы күрөшүнө да көңүл бурган министр: “Анткени алар бүтүндөй Батышка каршы согушуп жатышат! Украиндер биздин курал-жарактарыбыз, ок-дарыларыбыз жана акчабыз менен күрөшүүдө. Болбосо, алар эчак эле талкаланмак” деп айтты.
‘Кытай согуштун созулушун каалайт’
Келечекке байланыштуу Франкен Батышка каршы Орусия-Кытай биргелешкен кыр көрсөтүүсү болушу мүмкүн экенин моюнга алды.
“Кытай Украинадагы согуштун созулушун каалайт, анткени бул Батышты алсыратат. Орусиянын чийки заттарын массалык түрдө сатып алып, курал-жарак менен камсыздоодо жана Путиндин Түндүк Кореянын аскерлерин колдонушуна толук канааттанууда”, – деди.
Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен “Балтика мамлекеттерине Орусиянын чоң чабуул жасоо ыктымалдуулугу азыраак деп эсептейм. Анткени алар НАТОго мүчө мамлекеттер. Жакында Европада алты жүз F-35 учагы болот: орустар алардан коркушат, анткени аларды көрө алышпайт”, – деп кошумчалады.