ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Бельгиялык министр "Москваны картадан чийип салам" деп коркутту
Тео Франкен Орусиядан Брюсселге жасалган кандайдыр бир ракеталык чабуул НАТОнун чечкиндүү жообун жаратаарын айтты.
Бельгиялык министр "Москваны картадан чийип салам" деп коркутту
Бельгиялык министр, Брюсселге ракеталар менен кол салса "Москваны картадан чийип салам" деп коркутту / AP Archive
28 Октябрь 2025

Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен Орусияны катуу эскертип, Брюсселге кандайдыр бир ракеталык соккусу урулса НАТОнун чечкиндүү түрдө жооп кайтарарын билдирди.

Франкен дүйшөмбү күнү De Morgen гезитине берген маегинде “Эгерде (Орусиянын президенти Владимир) Путин Брюсселге ракета атса биз Москваны картадан өчүрөбүз” – деп айтып, НАТОнун биргелешкен коргонуу милдеттенмесин баса белгиледи.

Президент Дональд Трамптын тушунда АКШнын НАТОго болгон милдеттенмесине байланыштуу күмөн саноолорун сынга алган Франкен “Европада Америка өкмөтүнө карата бейкалыс пикир өтө күчтүү. Трамп Американын НАТО союздаштарын жүз пайыз колдой турганын ачык айтты. Брюсселге ракеталык сокку урулса? Кандай аныктама колдонсоңуз да бул талашсыз маселе. Путин да муну жасабайт”, – деди.

Бирок Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн баалабай коюуга каршы эскерткен Франкен “Орустар өздөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүштү. Алардын согуш экономикасы НАТОнун жалпы көлөмүнөн төрт эсе көп ок-дарыларды өндүрөт. Европада борбордук командачылык да жок”, – деди.

Орусиянын Украинадагы күрөшүнө да көңүл бурган министр: “Анткени алар бүтүндөй Батышка каршы согушуп жатышат! Украиндер биздин курал-жарактарыбыз, ок-дарыларыбыз жана акчабыз менен күрөшүүдө. Болбосо, алар эчак эле талкаланмак” деп айтты.

‘Кытай согуштун созулушун каалайт’

Келечекке байланыштуу Франкен Батышка каршы Орусия-Кытай биргелешкен кыр көрсөтүүсү болушу мүмкүн экенин моюнга алды.

“Кытай Украинадагы согуштун созулушун каалайт, анткени бул Батышты алсыратат. Орусиянын чийки заттарын массалык түрдө сатып алып, курал-жарак менен камсыздоодо жана Путиндин Түндүк Кореянын аскерлерин колдонушуна толук канааттанууда”, – деди.

Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен “Балтика мамлекеттерине Орусиянын чоң чабуул жасоо ыктымалдуулугу азыраак деп эсептейм. Анткени алар НАТОго мүчө мамлекеттер. Жакында Европада алты жүз F-35 учагы болот: орустар алардан коркушат, анткени аларды көрө алышпайт”, – деп кошумчалады.

Иликте
Россиянын чабуулдары Украинанын электр тармагына сокку урду,  тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылууда
Миландагы оюндардын ачылыш аземинде израилдик спортчуларга нааразычылык билдирилди
Оман Иран-АКШ ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрдү
Фидан ЕБнин кеңейүү боюнча комиссары менен жолугуп, терең кызматташтыкка чакырыгын кайталады
Исламабадда мечитте жардыруу болуп, 30 адам каза болду
Москвада орусиялык жогорку даражалуу генералга ок атылды; кол салган кишини издөө иштери уланууда
Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Түркиянын кайра куруу убадасын аткарганын айтты
Түркия Стамбулдагы тыңчылык операциясында эки Моссад агентин колго түшүрдү
Иран АКШ менен Омандагы сүйлөшүүлөрдө "ак ниеттүүлүк менен" иш алып барып жатканын билдирди
Кытай менен Түштүк Корея 15 жылдан кийин биргелешкен деңиз машыгууларын жандандырууну талкуулоодо
Нетаньяху Египеттин аскердик күчүнөн тартынууда; Иран тууралуу АКШнын акыркы кадамынан күмөн саноодо
Январдан бери 900 палестиналык мыйзамсыз израилдик отурукташкандар тарабынан күч менен көчүрүлдү
Эрдоган АКШ менен Иран ортосундагы ыктымалдуу согушту алдын алууну колдоду
Карни Түркиянын Канада үчүн "маанилүү өнөктөш" экенин айтты
Япониянын премьер-министри TSMC компаниясынын чип өндүрүү боюнча алдыңкы планын колдойт