АКШ Чыгыш Тынч океанда баңгизат ташууга шектелген кемеге сокку урду
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен жасалган чабуул террористтик уюм деп аныкталган топко таандык баңгизат аткезчилиги менен алектенген кемеге багытталганын билдирди.
Коргоо министри Пит Хегсет шаршемби күнү АКШ армиясы Чыгыш Тынч океанда баңгизат ташууга шектелген кемеге сокку урууда төрт кишини өлтүргөнүн кабарлады.
Пентагондун башчысы Хегсет шаршемби күнү X платформасындагы билдирүүсүндө “Бул кеме, башка ушундай кемелер сыяктуу эле чалгындоо маалыматтарыбызга ылайык мыйзамсыз баңгизат ташууга катышкан, белгилүү нарко-трафик жолунда баңгизаттарды ташып бараткан”, – деп жазды.
Хегсеттин билдирүүсүндө 22 секунддук видео да орун алды, анда кемега чабуул жасалып жарылганы көрсөтүлгөн.
Хегсет операция президент Дональд Трамптын көрсөтмөсү менен жүргүзүлүп, террористтик уюм деп табылган топ тарабынан башкарылган кемеге багытталганын билдирди.
Хегсет “Кемеде төрт эркек нарко-террорист болгон жана чабуул учурунда жок кылынды. Бул операция эл аралык сууларда жүргүзүлдү. АКШнын күчтөрү жабыркаган жок”, – деди.
Бул миссияны Батыш жарым шарында баңгизат аткезчилиги менен алектенген тармактарга каршы кеңири операциянын бир бөлүгү катары мүнөздөдү.
“Батыш жарым шары эми нарко-террористтер үчүн коопсуз жай эмес. Алар биздин жээктерге баңгизаттарды ташып келип, америкалыктарды ууландырууну көздөшөт. Коргоо министрлиги аларды кайсы жерде болбосун издеп таап, жок кылууну улантат”, – деп кошумчалады.
Кошумча чабуулдар
Акыркы жумаларда Пентагон Кариб деңизинде жана Чыгыш Тынч океанда ушундай бир нече операцияларды жүргүзүп, Түштүк Америкадан баңгизат ташыган деп шектелген кемелерди бутага алды.
АКШ бул чабуулдар баңгизат ташуу жолдорун жана Түндүк Америкага баңгизаттарды ташып киргизген кылмыштуу уюмдарды жок кылууга багытталганын билдирүүдө.