ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ЕБден АКШга тарифтер тууралуу "бардык сценарийлерге даярбыз" деген билдирүү жасалды
Урсула фон дер Ляйен АКШнын автоунаа тарифтери коркунучуна карабай, ЕБ келишимди сактай турганын жана бардык сценарийлерге даяр экенин айтты.
ЕБден АКШга тарифтер тууралуу "бардык сценарийлерге даярбыз" деген билдирүү жасалды
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Ереванда өткөн ЕБ-Армения саммитинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатат. / AP

Фон дер Ляйен жана Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Антониу Кошта Ереванда өткөн Европа Биримдиги-Армения саммитинен кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Фон дер Ляйен "Келишим — келишим, биз келишимге түздүк",- деп АКШ менен түзүлгөн макулдашуунун негизги мазмуну жыргалчылык, биргелешкен эрежелер жана ишенимдүүлүк экенин белгиледи.

Фон дер Ляйен бул этапта эки тарап тең өзүнө тиешелүү ар түрдүү демократиялык процедураларга сый көрсөтүп, аталган макулдашууну жүзөгө ашырышы керектигин айтты.

Фон дер Ляйен Европа Биримдиги калган бажы милдеттенмелерин аткаруунун акыркы этабында экенин белгилеп, АКШ тараптын да макулдашылган айрым милдеттенмелерди аткара электигин айтты.

Фон дер Лайен: "Ошондуктан бул макулдашуудан өз ара пайда, кызматташтык жана ишенимдүүлүктү каалайбыз. Ар кандай сценарийге даярбыз." деди.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Кошта: «Соода маселесиндеги ыйгарым укуктар толугу менен Европа Биримдиги комиссиясына таандык. Жеке өзүм жана 27 мүчө-мамлекет Европа Биримдиги комиссиясынын жана анын төрагасынын ишин толук колдойбуз», — деген оюн ортого салды.

АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү соода келишимин сактабагандыгы үчүн Европа Биримдигинде чыгарылган жеңил жана жүк ташуучу унааларга карата бажы алымдарын 25 пайызга чейин көтөрөрүн жарыялаган.

Европа Биримдиги менен АКШнын ортосундагы соода келиши тууралуу сүйлөшүүлөр 2025-жылдын июль айында Трампка таандык Шотландиядагы Тёрнберри гольф аянтчасында аяктаган.

Келишимдин алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрү АКШ товарларына бажы тарифтерин колдонбоого макул болгон, ага жооп катары АКШ Европа Биримдигинин товарларына 15 пайыздык тариф колдоноору жарыяланган.

Европа Биримдигинин түзүлгөн келишимди ратификациялоо процессин бүтүрө электиги АКШнын нааразычылыгын жараткан.

Иликте
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады