ЕБ Комиссиясы Украинанын шашылыш аскердик муктаждыктарына карата жаңы каржылык колдоосуна байланыштуу билдирүү жарыялады.
Билдирүүдө 90 миллиард евролук Украинаны колдоо насыясынын коргонуу компонентинин алкагында Украинага 2,86 миллиард евро которулганы кабарланды.
Бул каржылоо дрондорду, абадан коргонуу системаларын, ракеталарды, радарларды, электрондук согуш системаларын жана ок-дарыларды сатып алууга жумшала турганы, ошондой эле коргонуу жабдууларын шашылыш жеткирүү Украина армиясынын жарандарды жана шаарларды орусиялык чабуулдардан коргоо мүмкүнчүлүгүнө салым кошору белгиленди.
Билдирүүдө 2026-2027-жылдарды камтыган Украина насыясынын болжол менен 60 миллиард евросу коргонууга, ал эми 30 миллиард евросу бюджетти колдоого бөлүнгөнү эске салынды.
Украинанын коргоо өнөр жайынын кубаттуулугун колдоо үчүн быйыл жалпысынан 28,3 миллиард евро төлөө пландаштырылып жатканы жана коргонуу компонентинин алкагында төлөмдөр алдыдагы жумаларда улантыла турганы айтылды.
Ошондой эле билдирүүдө Евробиримдик жана анын мүчө мамлекеттери 2022-жылы Орусия менен согуш башталгандан бери Украинага жалпысынан 231,5 миллиард евро колдоо көрсөткөнү эске салынды.




















