ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Берлинде Мерцтин талаш-тартыштуу билдирүүлөрүнө миңдеген адамдар нааразылык билдиришти
Канцлер Фридрих Мерц мигранттар менен качкындардын немис шаарларынын физикалык көрүнүшүнө терс таасирин тийгизгенин айтты.
Берлинде Мерцтин талаш-тартыштуу билдирүүлөрүнө миңдеген адамдар нааразылык билдиришти
Берлинде Мерцтин талаш-тартыштуу билдирүүлөрүнө миңдеген адамдар нааразылык билдиришти / Reuters

Шейшемби күнү кечинде Берлинде миңдеген адамдар канцлер Фридрих Мерцке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул акция анын мигранттарга каршы жана расисттик риторикасы катары кабыл алынган сөздөрүнө коомчулуктун күчөп жаткан сын-пикирлеринин алкагында өттү.

Негизинен жаш аялдардан турган 7500дөн ашуун демонстрант, Мерцтин Христиан-демократиялык союз (CDU) партиясынын башкы кеңсесине чогулуп, анын өткөн аптадагы талаштуу "шаар көрүнүшү" тууралуу билдирүүлөрүнө нааразычылыктарын билдиришти. Мерц билдирүүсүндө мигранттар менен качкындар Германия шаарларынын көрүнүшүнө терс таасир тийгизгенин маалымдаган.

Катуу сындардан кийин Мерц дүйшөмбү күнү өз сөздөрүн кайталап, адамдардын анын эмнени айткысы келгенин "кыздарынан сурашы"керектигин айтты. Бул билдирүү айрымдар тарабынан расисттик деп сындалды, анткени ал мигрант эркектерди сексуалдык зомбулук же башка кылмыштарга көбүрөөк жакын деп кыйыткан, бирок бул маалыматтар менен далилденген эмес.

Германиянын эң белгилүү климат активисти жана митингдин уюштуруучусу Луиза Нойбауэр чогулгандарга кайрылып, Мерцтин комментарийлерин "кабыл алынгыс, басмырлоочу жана толугу менен расисттик" деп атады.

Ал буга чейин Instagram баракчасында мындай деп жазган: "Биз бул өлкөдө болжол менен 40 миллион кызбыз. Коопсуздугубузду камсыз кылуу биз үчүн чындап маанилүү. Бирок биз эч качан дискриминациялык, расисттик жана терең зыяндуу билдирүүлөргө шылтоо катары колдонулгубуз келбейт".

Нааразычылык акциясында митингчилер "Расизм – шаар көрүнүшүндөгү көйгөй", "Түстүү шаар көрүнүшү үчүн кыздар" жана "Бизде шаар көрүнүшүнүн көйгөйү жок, бизде расизм көйгөйү бар" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Мерцтин коалициядагы өнөктөшү, Социал-демократиялык партия (SPD) да канцлердин билдирүүлөрүн катуу сынга алды.

SPD депутаты Ральф Штегнер Tagesspiegel гезитине: "Канцлер шаардын пейзажы тууралуу комментарийлери менен туура эмес ыкманы колдонуп жатат" деди.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"