ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Европа өнүктүрүү банкы Түркияга инвестиция салууну пландаштырууда
Банктын биринчи төрага орун басары Грег Гайетт Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын бул жылы Түркияда энергетика, инфраструктура жана башка секторлорду камтыган 42 долбоордо 2, 5 миллиард доллардан ашуун инвестиция салганын айтты.
Европа өнүктүрүү банкы Түркияга инвестиция салууну пландаштырууда
ЕБРР Түркиядагы инвестицияларын арттырууда, Стамбулду жаңы аймактык хаб катары көздөөдө: / AA

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Түркиядагы катышуусун жана инвестицияларын көбөйтүүдө; банк өлкөнүн инновациялык экономикасына, жашыл трансформациясына жана Европа менен Азиянын ортосундагы стратегиялык абалына ишенип инвестиция салганы белгиленүүдө.

ЕРӨБдүн биринчи төрага оун басары Грег Гайетт расмий сапары учурунда Анадолу агенттигине берген маегинде банктын быйыл энергетика, инфраструктура, чакан жана орто ишканалар (ЧОИ), корпоративдик өнүгүү жана инновацияларды камтыган 42 долбоорго болжол менен 2,55 миллиард доллар инвестиция салганын айтты.

"Менин оюмча, жылдын аягында өткөн жылдын көрсөткүчүнө жетүүгө же андан ашуу мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору", - деген Гайетт, 2024-жылы банктын Түркиядагы инвестициялары 3,01 миллиард доллар болуп рекорддук көрсөткүчкө жеткенин белгиледи.

Гайетт Стамбулдун банктын глобалдык операцияларындагы өсүп жаткан ролун чагылдыруу менен ЕРӨБдүн аймактык борборлордун бири болорун баса белгиледи жана :"Биз бул жерде, Стамбулда кызматкерлерибиздин санын көбөйтөбүз. Абдан жөндөмдүү адамдарды көрүү абдан кубандырат", - деп кошумчалады.

Гайетт Түркиянын географиялык жана геосаясий абалынын өлкөнү маалымат жана соода үчүн маанилүү борборго айландыргандыгын белгиледи.

Геосаясий абалдардын бир жыйынтыгы катары маалыматтарды таратуу жана локализациялоонун көбөйгөнүн жана Түркиянын бул багытта борбор болууну улантарын айтты.

ЕРӨБ Түркиянын жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү программасын колдоосун күчөтүп, кайра куруу жана жабыркаган жамааттарды колдоо үчүн 1,83 миллиард доллар бөлгөн.

«Мен эң сыймыктандырган нерселер - аймактагы жер которгон адамдарды колдогонубуз — турак-жай, баш калкалоочу жай, чакан жана орто бизнес демилгелерибиз аркылуу жумуш орундарын түзүү», - деди Гайетт.

Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга, айрыкча турак жай жана жумуш орундарын түзүүгө көбүрөөк инвестиция салуунун пландалып жатканын жана айрым аймактардын ​​өзгөчө күч-аракетт талап кылаарын белгиледи

Дүйнөлүк экономикалык белгисиздиктерге карабастан, Гайетт ЕРӨБ Түркиянын узак мөөнөттүү потенциалына оптимисттик көз карашта экенин белгилеп, өлкөнүн жаш, өсүп жаткан жана жакшы билим алган калкы чоң артыкчылык экендигин айтты.

Түркиянын учурдагы экономикалык саясаты инфляцияны басаңдатууга жардам берерин ишенерин билдирип: «Уланып жаткан саясаттардын инфляцияны түшүрүүгө жардам берерине байланыштуу каалоо, үмүт жана ишеничибиз бар”,- деди.

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду