Борбордук Африка Республикасында мектептеги жарылуу жана тебелендиден 29 бала каза болду

Окуя болгон учурда мектепте 5000ге жакын окуучу жогорку окуу жайларына сынак тапшырып жаткан.

An explosion and ensuing stampede kill 29 children in a Central African Republic school / Getty

Бийлик өкүлдөрү, Борбордук Африка Республикасынын баш калаасындагы бир мектепте болгон жарылуу жана андан кийинки дүрбөлөңдө кеминде 29 окуучунун каза тапканын, 250дөн ашуун адамдын жаракат алганын билдиришти.

Жарылуу шаршемби күнү Бартелеми Боганда мектебинде электр трансформатору бузулгандан кийин аны оңдоо учурунда болгонун өлкөнүн Улуттук билим берүү министрлиги маалымдады.

Каза болгондордун көбү жарылуудан кийинки дүрбөлөң учурунда окуя болгон жерде жан бергенин, ал эми айрымдары ооруканада көз жумганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, кеминде 260 адам жаракат алып, алар ар кайсы ооруканада дарыланып жатышат.