Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында жайгашкан армян чиркөөсүнүн фондунун жетекчилеринин бири Анкара менен Еревандын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу процессин кубаттап, байланыштардын кеңейиши эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдай аларын билдирди.
«Армения менен Түркиянын ортосундагы жакындашууну абдан оң көрүнүш деп эсептейбиз», — деди Сурп Гирагос армян чиркөөсүнүн фондунун төрагасынын орун басары Оханнес Гафур Оганян Анадолу агенттигине берген маегинде.
Оганян бул тууралуу билдирүүнү жети түрк жана жети армян журналисти Диярбакырдын тарыхый Сур районундагы Сурп Гирагос армян чиркөөсүнө барган учурда билдирди. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштарды нормалдаштыруу процессин колдоо максатында Европа Биримдиги тарабынан каржыланган медиа-турдун алкагында уюштурулду.
Оганян: «Мындай сапарлар менен иш-чаралардын көбөйүшү эки өлкөнүн ортосундагы достукту дагы да чыңдай турганына ишенебиз. Чек аралардын да мүмкүн болушунча тез арада ачыларынан үмүттүүбүз», — деди.
Учурда Түркия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык карым - катнаштар жок. Эки өлкөнүн ортосундагы кургактык чек арасы 1993-жылдан бери жабык. 2021-жылдын аягында эки өлкө карым - катнаштарды нормалдаштыруу процессин баштап, Түркиянын мурдагы элчиси Сердар Кылычты жана Армения парламентинин төрагасынын орун басары Рубен Рубинянды атайын өкүл кылып дайындашты.
Май айында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги чек араны кайра ачуу боюнча техникалык жана бюрократиялык иштер жүрүп жатканын, ошондой эле түз соода жүргүзүүгө даярдыктардын аяктаганын билдирген.
Май айынын башында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Арменияга сапары учурунда эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү чек арада жайгашкан орто кылымга таандык тарыхый Ани көпүрөсүн биргелешип калыбына келтирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өткөн айда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында жолугушуп, мамилелерди нормалдаштыруу процессин өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана аймактык транспорттук байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
Чиркөө дүйнө жүзүндөгү армяндарды бириктирет
Оганяндын айтымында, Диярбакырдагы армян коомчулугунда болжол менен 60–65 адам бар. Коомчулук чакан болгонуна карабастан, чиркөөнүн айланасында диний жана коомдук жашоосун активдүү улантууда.
«Бул жерде туруктуу дин кызматчыбыз жок болгондуктан, маанилүү диний майрамдарда жылына сегизден онго чейин диний жөрөлгө өткөрөбүз», — деди Оганян.
Анын айтымына караганда 800 жылдык тарыхы бар Сурп Гирагос Жакынкы Чыгыштагы эң чоң армян чиркөөсү болуп саналат. Ал Армениядан, ошондой эле Европа менен АКШдагы армян диаспорасынан келген конокторду өзүнө тартат.
Көп жылдар бою пайдаланылбай келген чиркөө жергиликтүү фонддун жетекчилиги астында жана Түркиянын бир катар мамлекеттик мекемелеринин, негизинен Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен кеңири калыбына келтирилип, кайрадан сыйынуу үчүн ачылган.
Кийинчерээк, 2015-жылы Сур районунда ПКК террордук уюму менен болгон кагылышууларда чиркөө жабыркаган. Фонддор боюнча башкы башкармалыктын координациясы жана Экологияны коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министрлиги бөлгөн каражаттын эсебинен калыбына келтирилген чиркөө жети жылдан кийин кайрадан сыйынууга ачылды.
Экинчи тарыхый чиркөөнү калыбына келтирүү иштери уланууда
Фондго таандык экинчи чиркөө — Алипаша районунда жайгашкан, болжол менен 500 жылдык тарыхы бар Сурп Саркис чиркөөсү жамааты жок болгондуктан убакыттын өтүшү менен кароосуз калып, урандыга айланган. 2023-жылдын февраль айында очогу Кахраманмараш облусу болгон жер титирөөлөрдөн улам имарат жабыркаган.
Калыбына келтирүү иштери 2024-жылы Маданият жана туризм министрлиги бөлгөн гранттын эсебинен башталган.
Оганян: «Сурп Саркис дээрлик бир кылымдан бери уранды абалда болгон. Биз бир топ иштерди аткарып, башкы имараттагы конструкциялык иштерди негизинен аяктадык», — деди.
Ишкерлерди, кайрымдууларды жана коомчулукту колдоо көрсөтүүгө чакырган Оганян: «Тарыхый мааниге ээ чиркөө сакталып калууда». — деп кошумчалады.






















