ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
3 мүнөт окуу
Бишкекте бир катар көчө жана жолдордун аталыштары өзгөртүлдү
Шаардын негизги көчөлөрүнөн бирине "Анкара" деген ат берилди.
Бишкекте бир катар көчө жана жолдордун аталыштары өзгөртүлдү
Кыргызстандын борбору Бишкекте көчө жана проспектилердин аталыштары улутташтырылды

Кыргызстандын борбору Бишкекте административдик-аймактык реформалардан кийин, кайталоолорду жоюу жана транспорттук каттамдарды жөнөкөйлөтүү максатында көптөгөн көчөлөр жана проспекттер бириктирилип, кыргыз жана улуттук аталыштар менен кайрадан белгиленди.

Бишкек шаардык кеңешинин чечими ар кандай аталыштагы артерияларды комплекстүү өзгөртүүнү, көптөгөн көчөлөрдү жана проспекттерди бир аталышка бириктирүүнү камтыган.

Жаңы тартипке ылайык, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийин шаардагы төрт негизги артериянын бирине берилген «7-апрель» аталышы алынып салынды.

Андан тышкары, мурдагы Советтер Союзунан мураска калган Путепроводная, Жаш Гвардия бульвары, Селекционная, Муромская, Попеда, Васильевский тракт, Максим Горький, Окраинная, Набережная жана Центральная Береговая сыяктуу аталыштар да токтотулган.

Кыргызча аталыштагы көчөлөр жана проспекттер

Бир жарым миллион калкы бар шаар Чүй (Тянь-Шань тоолорунун түндүк этегиндеги өрөөндүн аталышы), Жибек Жолу (Тарыхый Жибек жолу), Чыңгыз Айтматов (жазуучу жана мамлекеттик ишмер) жана Аалы Токомбаев (жазуучу жана акын) атындагы негизги проспекттерден турат. 

Негизги көчөлөргө Манас (Улуттук баатыр), Шабдан Батыр (Улуттук баатыр), Жусуп Абдрахманов (кыргыз мамлекеттик ишмери), Курманжан Датка (Улуттук аял баатыры), Иманали Айдарбеков (кыргыз мамлекеттик ишмери), Абсамат Масалиев (кыргыз мамлекеттик ишмери), Анкара (Түркиянын борбору), Махатма Гандинин (Индиянын мурдагы лидери) жана Дэн Сяопиндин (Кытайдын мурдагы лидери) аттары коюлган.

Кыргызстандын Президенттик сарайы жайгашкан Чыңгыз Айтматов жана Манас проспекттери Чыңгыз Айтматов проспектиси деп аталды.

Шаардын батышы менен чыгышын байланыштырган Михаил Фрунзе, Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Батыр көчөлөрү Чүй проспектиси деп аталды.

Чүй проспектиси, Жибек Жолу жана Попеда көчөлөрү бириктирилип, Жибек Жолу проспектиси түзүлдү.

Жайыл Баатыр, Абсамат Масалиев, Аалы Токомбаев жана Кайыков көчөлөрү Аалы Токомбаев проспектисинин  астына бириктирилди.

Негизги көчөлөрдүн аталыштары да өзгөртүлдү

Максим Горький жана Анкара көчөлөрү Анкара проспектиси, ал эми Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү Абсамат Масалиев проспектиси деп аталды.

Береговая, Окраинная, Көк-Сай, Курманалиев жана Набережная көчөлөрү Дэн Сяопин проспектиси деген ат менен бириктирилди.

Байтик Батыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасир Элебесов жана Центральная көчөлөрү Жусуп Абдрахманов көчөсү деп аталды.

Лев Толстой, Путепроводная жана Сары Өзөн көчөлөрү Шабдан Батыр көчөсү деп аталды.

Шаарды аэропорт менен байланыштырган Юлий Фучик жана Васильевский тракт көчөлөрү Манас көчөсү деп аталды.

Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү бириктирилип, Иманалы Айдарбеков көчөсүн, ал эми Селексионная жана Муромская көчөлөрү бириктирилип, Махатма Ганди көчөсүн түздү.

7-апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү бириктирилип, Курманжан Датка көчөсүн түздү, ал эми Виноградная көчөсү Лев Толстой көчөсү деп аталды.

Административдик-аймактык реформалардын натыйжасында Бишкектин аянты дээрлик үч эсеге көбөйдү, ал эми айланадагы конуштардын борборго кошулушу менен административдик чек аралар жана инфраструктуралык кызматтар кеңейип, көчөлөрдүн кайталанган аталыштарына алып келген болчу.

Техникалык инфраструктуралык иштер аяктагандан кийин, Бишкек мэриясы коомдук транспорттун каттамдары, аялдамалар жөнүндө маалымат жана шаардын инфраструктуралык маалыматтары, ошондой эле шаардын кадастрдык жана санариптик дарек картасы толугу менен жаңыртылаарын жарыялады.

Иликте
Президент Эрдоган Кыргызстанга барды
Гирне жээгинде кеме оодарылды: 237 адам куткарылып, 7 адам каза болду
Кыргызстан «6-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын» өткөрүүгө даяр
Путин, Си Цзиньпин жана Пезешкиан Кыргызстанда өтө турган саммитке катышат
Орус мунайы Казакстанда иштетилет
Бишкекте “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышы болду
Казакстандагы бир палаталуу Курултайдын биринчи шайлоосунун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду
Казакстан жаңы конституциясынын алкагында биринчи парламенттик шайлоосун өткөрүп жатат
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Кыргызстандагы 51 миң орундуу стадиондун курулушу аяктады
АК партиянын төрага орун басары Зорлу: «Түркия менен Венгрия бири-биринен ажырагыс»
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Кыргызстанда өткөрүлүүчү 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныштырылды
Кыргызстанда Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны өткөрүлдү
Ысык-Көлдө Кыргызстан суудагы Формула-1  жарышын өткөрүп жатат
Ысык-Көлдө Кыргызстандын президенти Жапаров Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Кыргызстандын президенти Жапаров менен Өзбекстандын президенти Мирзиёев Ысык-Көлдө жолугушту